четверг, 2 января 2014 г.

БАШ СӨЗ


Сизди жараткан, бул дүйнөгө жайгаштырган, акыл жана дене берген Аллахка чындап жакынсызбы? Ага акыркы жолу качан дуба кылдыңыз? Аллахка кыйынчылык жана балээлерге жолукканда эле жалбарып жатасызбы? Же Аны дайыма эстейсизби? Дуба кылганыңызда Анын сизге абдан жакын экенин, сиз шыбырап айткан же ичиңизден ойлогон ар бир сөзүңүздү угуп жатканын билесизби? Анын бүт адамдардын жана бүт нерсенин Раббиси экенин, жашоодогу эң улуу досуңуздун жана таянычыңыздын Аллах экенин, бүт нерсени эң биринчи Раббибизден сурашыңыз керек экенин билесизби?
Бул суроолорго берген жообуңуз кандай гана болбосун, бул китепти окуу сизге чоң пайдаларды алып келет. Себеби бул китеп Аллахтын пенделерине канчалык жакын экенин, алардан кандай бир дуба каалаганын, чындап Ал каалагандай бир дубанын кандай экенин баяндап берүү үчүн жазылган. Дубанын маанилүүлүгү Куранда «...Силердин дубаңар болбосо, Раббим силерди бааламак беле?» (Фуркан Сүрөсү, 77) аяты менен кабар берилген. Аллахка дуба кылуунун, Ага жакындоонун бир чеги жок. Ошондуктан, бүт адамдар бул жолду үйрөнүү менен же кайталоо менен түбөлүк жашоосуна пайда алып келет.
Дуба – Аллах менен адамдар арасындагы байланыш жолу. Аллах менен байланыш куруу муктаждыгы болсо адамдын табиятында бар. Ыймандуулар үчүн дуба кылуу жашоолорунун бөлүнгүс жана кадимки бир бөлүгү болсо, көп адамдар үчүн дуба чоң кыйынчылыктарга кабылганда, өмүрүнө кооптуулук туудурган коркунучтарга туш келгенде гана эске түшө турган бир ибадат. Албетте, сүйлөмдүн аягында айтылган дуба түрүн Аллах жакшы көрбөшү мүмкүн. Эң туурасы – бул бейпилдикте да, кыйынчылыкта да Аллахтан жардам суроо. Мына ошол үчүн чын ыкластан Аллахка дуба кылуунун жолдору Куранда жакшылап сүрөттөлгөн.
Куранда көп аяттарда түздөн-түз же кыйыр түрдө дуба жөнүндө сөз болот. Ушул деле дубага абдан маани берүү керек экенин көрсөтүп турат. Мындан тышкары, дуба жөнүндөгү аяттар окулган сайын мунун канчалык маанилүү ибадат экени даана көрүнөт.

Куран боюнча дуба
«Чакыруу, добуш салуу, каалоо, жардам суроо» маанилерине келген дуба, Куран боюнча «кулдун (пенденин) бүт жүрөгү менен Аллахка кайрылышы» же «күчү чектүү бир жандык болгон адамдын чексиз жана түбөлүктүү бир күч-кудуреттин алдында алсыздыгын кабыл алып, жардам сурашы» маанисине келет.
Аллахка ишенген ар бир адамдын өзү билгендей дуба кылаары бир чындык. Бирок адамдардын абдан көп бөлүгү дубаны кыйынчылык учурунда колдогу бүт мүмкүнчүлүктөр жасалып көргөн соң гана Аллахты эстөө деп түшүнүшөт. Мындай адамдар кыйынчылыктардан кутулган соң кийинки кыйынчылыкка чейин Аллахты унутат жана Андан бир нерсе суроо эстерине да келбейт.
Адамдардын дагы бир бөлүгүндө болсо такыр туура эмес бир дуба түшүнүгү бар. Бул адамдар үчүн дуба – бул кичинекей жашынан баштап үй-бүлөнүн улгайган бирөөсү тарабынан үйрөтүлгөн түшүнүксүз кээ бир сөздөр. Адамдардын мындай дубаларында Аллахтын бар экени, жалгыздыгы, улуулугу, кудурети, адамдарды дайыма көрүп-угуп турганы, дубаларга жооп берээри көп ойлонулбайт. Мурдатан жатталган дуба калыптары кайталана берет. Чынында болсо, китебибиздин да темасы болгон, Аллах Куран аркылуу адамдарга жеткирген дуба такыр башкача.
Куран боюнча, дуба кылуу – бул Аллахка жетүүнүн эң оңой жолу. Эми Аллахтын сыпаттарын бир ойлонолу. Ал – адамга күрөө тамырынан да жакыныраак, бүт нерсени билүүчү, угуучу... Адамдын ичинен өткөргөн кичинекей ою да Аллахтан жашыруун калбайт. Демек, чын ыкластан Аллахтан бир нерсе суроо үчүн адамдын ойлонуп коюшу да жетиштүү. Аллахка кайрылуу мына ушунчалык оңой.
Адам кулчулугун билгенде гана Аллах Кабатында баалуу боло алат. Ошондуктан адам Аллахка кайрылышы, каталарын Аллахка мойнуна алышы жана бир гана Аллахтан жардам сурашы зарыл. Антпесе, Аллахка карата бой көтөргөн болот, мунун жазасынын болсо түбөлүк тозок экени Куранда билдирилет.
Бүгүнкү коомдордо көңүл бурган бир чындык – бул башка көптөгөн ибадат сыяктуу дубанын да эскирген бир үрп-адат сыяктуу кабыл алынышы. Негизи мындай көз-караштын түбүндө «Аллахтан көз-карандысыз, өз алдынча кыймылдаган, жашаган бир дүйнө» болушу мүмкүн деген көз-караш жатат. Көп адамдар кааласа каалабаса, өмүр бою бүт окуяларды «өзүбүздүн жага айланабыздагы адамдардын башкаруусунда болуп жатат» деп ойлошот. Ушул себептен өлүмгө жакын келгенге чейин же абдан чоң бир кырсыкка кабылганга чейин Аллахка дуба кылуу муктаждыгын сезбейт. Бирок, бул чоң бир жаңылыштык. Мындай жаңылыштыкта ушунчалык адашкандар болот, алар дубаны өтмүш замандардан бүгүнкү күнгө чейин келип жеткен бир сыйкыр ыкмасы сыяктуу кабылдашат. Чынында болсо, дуба – бүт жашоону камтый турган өзүнчө бир ибадат.

Адамдардын баары дубага муктаж. Жарды жана кыйын шарттарда жашаган бирөө бай бир адамга караганда дубага көбүрөөк муктаж деп ойлоо дубаны такыр туура эмес түшүнгөндүктү билдирет. Материалдык абалы жакшы, жашоодо бүт каалагандарыма жеттим деп ойлогон бир адамдын «дубага муктаж эмесмин» деп ойлошу такыр туура эмес. Себеби мындай учурда «дубанын жалгыз себеби – бул дүнүйөлүк каалоолорго жетүү» деген маани чыгат. Чынында болсо момундар дүйнө жашоолору үчүн да, акыреттери үчүн да дуба кылышат. Дуба кылуу тобокелдүүлүктү да алып келет. Дуба кылган адам алдынан чыга турган оор же жеңил ар кандай абалды, бүт окуяларды ааламдын Жаратуучусу жана Ээси болгон Аллахтын эркине таштады дегенди билдирет. Бир көйгөйдү чечүүнүн же алдын алуунун бүт жолдорунун ааламдагы бүт кудуреттин ээси болгон Аллахка таянганын билүү, бүт иштерди ага тапшыруу жана Ага гана дуба кылуу момунга бейпилдик жана ишеним алып келет.

КУРАНДА ДУБА КАНДАЙ ТҮШҮНДҮРҮЛӨТ?


Акыркы жолу качан дуба кылганыңызды ойлоп көрдүңүзбү?... Бул суроого ар кандай жооптор берилиши мүмкүн, бирок бүт адамдар качандыр бир дуба кылган деген орток жооп чыгат. Адамдар, албетте, бүт жерде, бүт чөйрөдө, каалаган бүт нерсе үчүн Раббибиз болгон Аллахка дуба кыла алышат. Аллах ыйман келтиргендердин ар кандай чөйрөдө дуба кыла алаарына, Аны эстей алаарына төмөнкү аяттар менен көңүл бурган:

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» «Раббибиз, шексиз, Сен кимди отко салсаң, аны «кор кылган жана басмырлаган» болосуң; зулумдук кылгандардын жардамчысы жок.» «Раббибиз, биз: «Раббиңерге ыйман келтиргиле» деп ыйманга чакырган бир чакыруучуну уктук, ылдам ыйман келтирдик. Раббибиз, биздин күнөөлөрүбүздү кечир, жамандыктарыбызды жашыр жана бизди жакшылык кылгандар менен бирге өлтүр (жаныбызды ал).» «Раббибиз, элчилериңе убада кылгандарыңды бизге бер, кыямат күнү да бизди «кор жана басмырланган(дардан)» кылба. Шексиз, Сен убадаңды аткаруучусуң.» Анан Раббилери аларга (дубаларын кабыл алып) жооп берди: «Шексиз Мен эркек болсун, аял болсун, силерден бир (сооптуу) иш кылгандын ишин текке кетирбейм...» (Али Имран Сүрөсү, 191-195)

Мындан тышкары, дубанын эң сонун, эң туура түрү бар, Куранда булар терең баяндалган.

Үндү катуу чыгарбастан,
жалгыз, терең терең дуба кылуу
Абдан чарасыз жана кыйынчылык ичинде калып, Аллахка дуба кылуу муктаждыгын сезген бир учуруңузда дуба кылуу үчүн кандай бир чөйрө каалаганыңыз эсиңиздеби? Эч шексиз, түнкүсүн башыңызды жаздыкка койгонуңузда же абдан тынч, ызы-чуусуз, Аллах менен жалгыз калганыңызды сезе алган бир чөйрөдө дуба кылууну тандаган болушуңуз керек.
Ибадаттар учурунда руханий жыйналуу (ойду толук жыйноо) адам жалгыз калып, эч ким билбеген учурларда, толук концентрация болгон учурда болот. Муктаждыктары, каталары же кемчиликтери жөнүндө Аллахка дуба кылуу муктаждыгын сезген бир адам жалгыз жана терең терең, чын жүрөктөн дуба кылууну тандайт. Буга сонун бир мисал – бул Аз. Закариянын дубасы. Куранда ал Аллахтан урпагын уланта турган бир мураскор сурап жатканда, жашыруун дуба кылганына ишарат кылынат:

Ал Раббисине жашыруун кайрылганда: «Раббим, шексиз менин сөөктөрүм бошошту жана карылыктан чачтарым агара баштады; мен сага дуба кылуу менен бактысыз болгон жокмун.» (Мерйем Сүрөсү, 3-4)

Дубанын аныктамасында «күчү чектүү болгон бир жандыктын күчү чексиз бир кудуреттин алдындагы алсыздыгын билдирип, бир нерсе сурашы» деген элек. Ошондуктан, дуба Аллахтын алдында алсыздыкты жана жакырдыкты билип-сезүү менен кылынышы зарыл. Бирок, албетте, бир катар жасалма кыймылдар менен, калыптанып калган жана туурамчы ойлор менен буга жетүүгө болбойт. Ансыз деле чындап чын ыкластуу, өзүнүн алсыздыгын сезген адам муну өзүнөн-өзү сезип-жашайт. Куранда ыймандууларга төмөнкүчө дуба кылуулары сунушталат:

Раббиңерге жалбарып жалбарып жана чын жүрөгүңөрдөн дуба кылгыла. Шексиз, Ал чектен чыккандарды сүйбөйт. (Аьраф Сүрөсү, 55)

Раббиңди эрте менен, кечинде бийик эмес үн менен, өзүңчө, коркуу менен, жалбара жалбара жана терең терең эсте (зикир кыл). Капылет калгандардан болбо. Шексиз, Раббиңдин Кабатындагылар Ага ибадат кылуудан бой көтөрүшпөйт...» (Аьраф Сүрөсү, 205-206)

Куранда дубанын жалгыз, жалбарып жана терең терең кылынышына көңүл бурулат. Ошондуктан дубанын каерде кылынганы, дуба учурунда уюштурулган «церемониянын» чоңдугу, көп адамдын катышышы жана дуба кылган адамдын үнүнүн абдан катуу чыгышы маанилүү эмес.
Эң биринчиден, билип коюңуз, дубадагы үндүн катуу чыгышы дубанын Аллахка жетишин же Аллахтын дубага жооп беришин жеңилдетпейт. Биз дуба кылган Раббибиз ичибизден өткөн ойлорубузду билет, бүт нерседен кабардар жана бизге күрөө тамырыбыздан да жакын (Каф Сүрөсү, 16). Бизге ушунчалык жакын болгон Аллахка дуба кылып жатканда, үнүбүздү керексиз эле катуу чыгаруунун бир мааниси жок. Адам ичинен да дуба кылса болот, өзүнө угула турган бир добуш менен да дуба кылса болот.
Куранда ибадат учурунда да, башка убактарда да үндү ылайыктуу деңгээлде тутуу керек экени адамдарга төмөнкү аяттарда билдирилген:

Басканда орто бир жолду карма (кичипейилдик менен бас), добушуңду көтөрбө. Себеби добуштардын эң жаманы эшектин добушу. (Локман Сүрөсү, 19)

Айткын: «Аллах деп чакыргыла, «Рахман» деп чакыргыла, эмне деп чакырсаңар бир; эң сонун ысымдар Ага тиешелүү.» Намазыңда үнүңдү көп катуу чыгарба, көп дагы акырын чыгарба, ушул экөө арасында (орто) бир жолдо бол. (Исра Сүрөсү, 110)

Көрүнүп тургандай, Куранда сүрөттөлгөн ибадат өрнөгү көргөзмөдөн алыс. Эл көрсүн же уксун деп кылынбайт, бир гана Аллахтын алдындагы милдетти толук аткаруу максатын көздөйт. Куранда буга абдан маани берилет. Дуба жөнүндөгү аяттарда көп жолу «динди Аллахка калыс кылып, дуба кылуу» айтылат. Мунун мааниси – бул диндин, б.а. ибадаттын бир гана Аллах ыраазылыгы үчүн аткарылышы, Андан башкалардын ыраазылыгын эч максат кылбаш:

Ал – Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай жок; демек бир гана Ага ыклас кылып, Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун. (Момун Сүрөсү, 65)

Демек, динди бир гана Ага калыс кылып, Аллахка дуба (кулчулук) кылгыла; каапырлар жакшы көрбөсө да. (Момун Сүрөсү, 14)

Айткын: «Раббим адилеттүүлүк кылууну буйрук кылды. Ар бир мечиттин жанында (сажда ордунда) жүзүңөрдү (Ага) бургула жана динди бир гана Ага калыс кылып, Ага дуба кылгыла. «Башында силерди жараткандай» ага кайтасыңар.» (Аьраф Сүрөсү, 29)

Дин бир гана Аллахтыкы. Ибадаттардын баары Анын ыраазылыгына жетүү үчүн гана жасалат. Мунун жападан жалгыз жолу – бул Ал каалагандай жана сүрөттөгөндөй кылуу.
Дубасын же башка кандайдыр бир ибадатын Аллахка калыс кылбастан жасагандар, б.а. айланасындагы адамдарга «такыба (Аллахтан корккон болуп)» көрүнүү үчүн аракеттенгендер чоң бир адашууда болушат. Аллах Куранда алар жөнүндө мындай дейт:

Мобул намаз кылгандардын абалы оор, алар намаздарында жаңылуу ичинде, алар (намаздарын) эл көрсүн үчүн кылышууда. (Маъун Сүрөсү, 4-6)

Аллахтын бар экенин сезип дуба кылуу
Дубанын эң маанилүү шарттарынын бири – бул Аллахка чындап ишенүү (ыйман келтирүү). Адам чарасыз калган учурларда Аллахтын бар экенин жана ага бир гана Аллахтын жардам берээрин эч шексиз билет. Бирок адам тынч, бейпил жашап жаткан кездерде да Аллахтын бар экенин жана кудуретинин улуулугун сезип, дуба кылышы зарыл. Негизи адам бир гана дуба учурунда эмес, дайыма муну билип жашашы керек.
Дайыма Аллахтын бар экенин жана жакын экенин сезип, дуба кылышы зарыл. Себеби Аллахтын бар экенин билген адам гана дубанын маанисин жана маанилүүлүгүн түшүнөт. Дуба Аллах менен Анын кулу арасында жеке жана ысык бир байланыш курат. Адам бардык кыйынчылыктарын жана каалоолорун Аллахка ачат, Ага жалбарат жана Аллах кулунун каалоосуна жооп берет, дубасын жоопсуз калтырбайт.
Мурда да айтылгандай, Куранда дуба эч кандай калыпка салынбайт. «Аллахты турганда, отурганда жана жатканда зикир кылгыла (эстегиле)» (Ниса Сүрөсү, 103) аяты адамдын дайыма жана ар кандай шартта Аллахты эстеп, Ага дуба кыла алаарын көрсөтөт. Негизгиси дубанын калыбы эмес, адамдын чын ыкласы жана баш ийүүчүлүгү.
Мындан башкача түшүнүү болсо дубаны чыныгы маанисинен алыстатат жана бир сыйкырчылык сыяктуу көрүнүшүнө жол ачат. Кээ бир адамдар өз ойлорунан чыгарган дарактарга чүпүрөк байлоо, сууга үйлөө сыяктуу негизсиз (батыл, жалган) ишенимдер мунун бир көрсөткүчү. Көңүл бурулган болсо, мындай иштердин негизги өзгөчөлүгү – буларды жасаган адамдардын Курандын логикасынан алыс болушу. Түздөн-түз Аллахка кайрылып, каалагандарын Андан сураштын ордуна, бир катар батыл (негизсиз) церемония же символдорду чыгарып, дубаны ушулар аркылуу жасашууда. Кимге дуба кылып жатканын, кимге жалбарып жатканын көп ойлонушпайт. Дуба үчүн колдонгон нерселеринде бир «керемет» бар деп ойлошууда, бирок алардан суралса, мунун эмне экенин түшүндүрө алышпайт. Мүрзө зыяраттарын максатынан алыстатышып, бул мүрзөлөрдө жаткан адамдарга дуба кылгандар, алардан бир нерсе үмүт кылгандар да ушундай эле батыл жана адашкан ишенимге ээ.
Момун болсо «Раббиңдин ысымын зикир кыл (эсте) жана бүт баарынан өзүңдү тартып, бир гана Ага кайрыл» (Мүземмил Сүрөсү, 8) буйругуна баш ийет, бүт мындай батыл ишенимдерден алыс болуп, бир гана Аллахка кайрылып, Анын алдында башын ийет жана Раббибизге жалбарат.

Коркуу менен үмүт арасында дуба кылуу
Куранда Аллахтын «...мээримдүүлөрдүн эң мээримдүүсү...» (Анбия Сүрөсү, 83) экени билдирилет. Ошондой эле, Куранда ката кылган адам Аллахтын кечиришин суранса, бүт күнөөлөрдүн кечирилээри айтылууда (Ниса Сүрөсү, 110). Ошондуктан адамдар дубаларында Аллахтын «коргоочу жана кечиримдүү» сыпаттарын ойлошу, үмүт ичинде дуба кылышы зарыл. Адамдын кетирген каталары жана бул үчүн сезген абийир азабы канчалык чоң болсо да, Аллахтын кечиримдүүлүгүнөн үмүт үзүшүнө себеп болбойт. Ошондой эле, адамдын ката кетирүүдөн жана күнөө кылуудан улам ичине түшкөн маанайы анын үмүт ичинде дуба кылышына тоскоол болбошу зарыл. Себеби Куранда каапырлардын гана Аллахтын мээриминен үмүт үзөөрү айтылат:

«... Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө. Себеби каапырлар коому гана Аллахтын мээриминен үмүт үзүшөт.» (Йусуф Сүрөсү, 87)

Ошол эле учурда эч кимдин сөзсүз бейишке ылайыктуу деген бир кепилдиги жок. Аллах Куранда «Шексиз Раббилеринин азабынан ишенимде болууга болбойт» (Меариж Сүрөсү, 28) аяты аркылуу бул чындык менен адамдарды эскерткен. Ошондуктан бүт адамдар Аллахтан мүмкүн болушунча коркушу зарыл. Демек, сыноо үчүн дүйнөдөгү ар бир адам дайыма адашуу, жаңылуу, шайтандын оюнуна алданып, Аллахтын жолунан кайтуу ыктымалы бар. Бул багытта эч кимдин бир кепилдиги жок. Ошондуктан, адам дубасында бир тараптан Аллахтын мээриминен үмүт кылса, экинчи тараптан Анын ыраазылыгын жоготуп алуудан коркушу керек.
Чыныгы бир момунду башка адамдардан айырмалаган эң маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири – бул Аллах коркуусу. Себеби ишенбеген бир адамдын ою боюнча, тозоктун бар экени күмөндүү. Момун болсо тозок коркунучун билет. Акырет күнүнө так далилдер менен ишенгендиктен эң чоң коркууну жашайт. Ишенген жана Аллахка карата бой көтөрүүдөн качынган адам гана мындай коркуу менен жүрөт. Азаптын чындык экенин жана күчүн так билет. Мындай азапка туш болбош үчүн дүйнө жашоосунда риск болуп саналган эч нерсеге жакындабайт. Акыреттеги ал чоң азаптан алыстоону жана чексиз сулуулук менен тосуп алына турган бейишке татыктуу болууну каалайт. Момундун акырет азабынан болгон коркуусу дубасына да чагылат.
Мына ушул себептен Куранда коркуу жана үмүт сөздөрү бирге колдонулган. Эгер адам дубасында тозок коркуусун сезбей жатса (мунун түбүндө Аллах коркуусунун аз болушу турат), анда сөзсүз тефеккүр, б.а. терең ойлонуп түшүнүү жетишпей аткан болот. Адам бейишке жетүү үчүн канчалык каалоо менен дуба кылып жатса, тозоктон кутулуу үчүн да ошончолук каалоо менен дуба кылышы керек. Б.а. тозоктон коркуп, бейишке жетүүнү үмүт кылышы зарыл. Мындай маанайды баяндаган аяттардын экөөсү төмөнкүчө:

Жер бетинде, аны оңдогондон кийин, бузукулук чыгарбагыла; Ага коркуу жана үмүт менен дуба кылгыла. Чынында Аллахтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын. (Аьраф Сүрөсү, 56)

Алардын жаны (түнкү намазга туруу үчүн) төшөктөрүнөн алыс болот. Раббилерине коркуу жана үмүт менен дуба кылышат жана аларга ырыскы катары бергендерибизден садака кылышат. (Сажда Сүрөсү, 16)

Көрүнүп тургандай, коркуу жана үмүт – бул Куранда баяндалган дубаны түзүүчү эки негизги сезим. Куран жакшылап анализ кылынганда, ансыз деле бүт ибадаттарда, жана жашоонун ар бир көз ирмеминде бул эки сезимдин абдан маанилүү экени оңой гана байкалат.
Бир жагдайды унутпаш керек, дуба бир тараптан Аллахтын алдындагы чоң бир милдетибиз, экинчи тараптан болсо түбөлүк жашообузду куткара турган бир себепчи. Себеби Куранда Аллахка дуба кылбагандардын аягынын түбөлүк тозок азабы экендиги кабар берилген.

Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет. (Момун Сүрөсү, 60)

Аллахтын сыпаттарын эстөө менен дуба кылуу
Аллахтын ысымдары бизге Анын сыпаттарын билдирет. Мисалы, Аллах – Рахман, б.а. боорукер; Раб, б.а. тарбиялоочу жана жол көрсөтүүчү; Хаким, б.а. өкүм берүүчү, бүт нерсенин кожоюну; Раззак, б.а. ырыскы берүүчү... Бул ысымдар Аллахты тааныткандыктан, адам ушулар менен Раббибизге кайрылып, Анын улуулугун, жакындыгын, кудуретин жана мээримин жакшыраак түшүнөт. Аллахтан ырыскы сураган бир адамдын Анын Раззак ысымын эстеп дуба кылышы, албетте, дубасынын маанисине туура болот. Куранда да Аллахка Анын ар түрдүү ысымдары менен дуба кылууга мүмкүн экени кабар берилген:

Айткын: «Аллах деп чакыргыла, «Рахман» деп чакыргыла, эмне деп чакырсаңар бир; эң сонун ысымдар Ага тиешелүү.» Намазыңда үнүңдү көп катуу чыгарба, көп дагы акырын чыгарба, ушул экөө арасында (орто) бир жолдо бол. (Исра Сүрөсү, 110)

Ысымдардын эң сонуну Аллахка тиешелүү. Демек, Ага ушулар менен дуба кылгыла. Анын ысымдарында «карама-каршылыкка (жана каапырдыкка) адашкандарды» жөн койгула. Кылгандары үчүн жакында жазаландырылышат. (Аьраф Сүрөсү, 180)

Аллахтын сыпаттарын билген адам каталарын Аллахтан жашырууга аракеттенбейт. Себеби жашырса да, ачыкка чыгарса да, Аллахтын бүт нерсени билээрин түшүнүп турат. Каталарын жашыруунун өзүнө зыяндан башка эч нерсе алып келбешин билген ыймандуу адам ар кандай кемчилик жана каталары үчүн Аллахтын кечиришин суранат. Аз. Ибрахимдин бир дубасы да төмөнкүчө башталат:

«Раббибиз, шексиз Сен биздин жашыргандарыбызды да, ачыкка чыгаргандарыбызды да билесиң. Жерде жана асмандагы эч нерсе Аллахтан жашыруун калбайт.» (Ибрахим Сүрөсү, 38)

Момун, каалоолору канчалык чоң болсо да, бүт нерсенин Аллахтын башкаруусунда экенин, Аллах кааласа эч мүмкүн эместей көрүнгөн бир нерсенин Анын «Бол» деши менен ишке ашаарын билет. Ошондуктан, Аллахтын немат-жакшылыктарына жетүү үчүн эч нерсени күч жеткис бир тоскоолдук катары көрбөйт. Тескерисинче, ар кандай кыйынчылыкты жана тоскоолдукту дубасы менен жеңет.
Дуба – каалоо жана муктаждыктарыбызды Аллахка угузуудан тышкары, Аллахты эстөөнүн жана улуктоонун бир жолу деп айткан элек. Куранда өзгөчө пайгамбарлардын дубаларында Раббибиз сыпаттары менен улукталууда. Төмөндөгү бир канча мисал муну көрүүгө жетиштүү:

(Сулайман) Раббим, мени кечир жана менден кийин эч кимге насип болбогон бир мүлктү мага тартуула. Шексиз, Сен акысыз тартуу берүүчүсүң. (Сад Сүрөсү, 35)

«Раббибиз, бизди хидаятка (туура жолго) жеткирген соң жүрөктөрүбүздү адаштырба жана Кабатыңдан бизге бир мээрим тартуула. Шексиз, кечирими эң көп болгон бир гана Сенсиң.» (Али Имран Сүрөсү, 8)

(Муса жалбарып) Айтты: «Раббим, мени жана бир тууганымды кечир, бизди мээримиңе ал. Сен мээримдүүлөрдүн эң мээримдүүсүсүң.» (Аьраф Сүрөсү, 151)

Ал жерде Закария Раббисине дуба кылды: «Раббим мага Кабатыңдан таптаза бир урпак тартуула. Чынында Сен дубаларды угуучусуң» деди. (Али Имран Сүрөсү, 38)

Дубада калыптанып калган, монотондуу сөздөрдөн
качынуу
Дуба дегенде эске адамдын Аллахты эстеши, Аллахка кемчиликтерин мойнуна алышы, өзүнүн жана момундардын муктаждыктарын угузушу келет. Бул үчүн болсо дубада Аллахка карата чын ыкластуу бир услуп болушу зарыл.
Дубада монотондуу жана калыптанып калган сөздөрдүн көп көп кайталанышынын жалгыз себеби – бул дубанын чын ыкластуу бир ибадаттан алыстап, бир көнүмүш адат же салтка айланып калышы. Аллахтын улуулугун сезген, Анын азабынан корккон жана ыраазылыгына жетүүнү каалаган адам жүрөгүнөн келген чын ыкластуу сөздөрү менен Ага кайрылат. Ошол сыяктуу, өзүн Аллахка тапшырган, дос жана жардамчы катары Аны кабыл алган адам ар кандай кыйынчылыгын жана арыз-муңун Ага айтат. «...Мен адам чыдагыс муңумду жана кайгымды бир гана Аллахка арызданып жатам...» (Йусуф Сүрөсү, 86) деген Аз. Йакуб сыяктуу, бүт кыйынчылык жана каалоолорун Ага айтат, ар кандай жардамды жана жакшылыкты Андан сурайт.
Дуба кылган адам мындай бир ыкластуулукта эмес болсо жана дубаны аткарылышы керек болгон бир формалдуулук же ишке ашышы белгисиз болгон бир ритуал сыяктуу гана көрүп жатса, албетте калыптанып калган сөздөрдү колдонот. Маанисин эч түшүнбөгөн же жакшылап ойлонуп көрбөгөн бир катар кооз сүйлөмдөрдү катары менен айтып, өз оюнда бир дуба кылат. Мунун Куранда сүрөттөлгөн бир дуба эмес экени болсо апачык көрүнүп турат.
Чынында болсо, дуба – бул адамдын Аллах менен болгон чын ыкластуу байланышы. Ар бир адамдын көйгөйлөрү, каалоолору, арзуулары, маанайы бири-биринен абдан айырмалуу. Дуба учурунда маанилүү нерсе – бул сөздөр эмес, пенденин ошол учурдагы маанайы.
Куранда мисал катары көрсөтүлгөн дубалар – бул пайгамбарлардын жана момундардын маанайын чагылдырган абдан чын ыкластуу жана чын жүрөктөн Аллахка кайрылуулары.

Дубада шашмалыктан качынуу
Адам табиятынан шашма болуп жаратылган. Табиятындагы мындай шашмалыгы жеңип кеткен учурларда иш-аракеттеринин жыйынтыгын ойлонбостон бир нерселерди жасап жиберет. Ошондуктан Куранда «Адам шашма болуп жаратылды. Силерге аяттарымды жакында көрсөтөмүн. Азыр шашпагыла» (Анбия Сүрөсү, 37) деп билдирилген. Мындай шашмалык көбүнчө дүнүйөлүк нематтарга жетүү каалоосунда көп байкалат.
Адам бейишти жана Аллахтын немат-жакшылыктарын абдан каалайт. Мындай нематтардын окшошторунун бул дүйнөдө да жаратылышынын себептеринин бири – бул бейиштин өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүүнү, бейишке болгон каалоонун көбөйүшүн камсыздоо. Бирок адам болсо бул нематтарга болгон каалоосу жана шашмалыгы себебинен напсисинин каалоолорунун ошол замат ишке ашышын каалайт. Адамдын мындай шашмалыгы көп жолу дубаларына да чагылышы мүмкүн. Дуба кылганда, дубасынын ошол замат аткарылышын каалайт. Дубасынын ишке ашышы бир аз кечиксе, «дуба да кылып жатам, бирок кабыл алынбай жатат» деген сыяктуу такыр туура эмес бир пикирлерге келиши мүмкүн. Сабырсыздык убакыттын өтүшү менен үмүтсүздүккө, ал тургай дубаны таштоого чейин алып барат.
Ал эми момун болсо ал үчүн эмненин жакшы (кайырдуу) экенин эң жакшы Аллах билээрин билет. «...(Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер» (Бакара Сүрөсү, 216) аяты адамга муну кабар берет. Ушул себептен, адам Аллахтан бир нерсе сураганда, баарын Анын эркине коюшу керек, Андан ар кандай шартка ыраазы болгон абалда сабыр менен күтүшү зарыл. Балким дуба кылып сураган нерсеси ага бир пайда алып келбейттир, ушул себептен Аллах муну бербей жаткандыр. Балким ал жакшылыкка жетиши үчүн белгилүү бир руханий бышып жетилүүгө жетиши керектир, бул үчүн болсо белгилүү мөөнөт тарбияланышы керек болгондур. Балким Аллах ага андан да жакшы башка бир жакшылык берет, анын сабырын жана туруктуулугун сынап жаткандыр.
Булардын баары дуба кылган адамдын дубасында сабырдуу жана чечкиндүү болушу, Аллахтын мээриминен эч үмүт үзбөшү керек экенин көрсөтүүдө. Куранда да дубада сабырдуу болууга өзгөчө көңүл бурулат:

Сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Бул, албетте, кичипейил болгондордон башкалар үчүн оор (бир жүк). (Бакара Сүрөсү, 45)

Куранда дуба кылып жатканда, чечкиндүү болуу кеңеш кылынган. Дуба – бул бир ибадат, жана дубада сабыр кылуу дуба кылган үчүн маанилүү. Сабыр менен дуба кылуу дубада айтылган каалоолорго болгон муктаждыктын, же кыйынчылыктын, андан да маанилүүсү Аллахка болгон жакындыктын өскөнүн көрсөтөт. Дубада сабырдуу болуу момунду бышырат, ага күчтүү бир эрк жана кулк-мүнөз берет. Дубада сабырдуулук кылган бир момун дубасынын сыйлыгын сураган нерселеринин көпчүлүгүнөн баалуу болгон, терең бир руханий маанайга (абалга) жетүү менен алат.
Пайгамбарлардын көпчүлүгү Аллахка болгон талаптарын кээде жылдар бою эч токтобостон дуба аркылуу билдиришкен, Аллах болсо аларга сурагандарын кээде бир топ жылдардан кийин берген. Аз. Йакубдун уулу Аз. Йусуфка жолугушу, Аз. Йусуфтун жылдар бою камалган зындандан кутулуп күчкө жана бийликке жетиши, Аз. Аййубдун шайтан ага берген азаптан кутулушу, булардын баары чоң сабыр мисалдары.
Аллах бул салих пенделеринин дубаларынын жообун белгилүү бир мөөнөткө кечиктирүү менен аларга жакшылык каалаган, аларды мунун урматында бышып жетилткен, тарбиялаган, бекемдик (туруктуулук) жана ыкластуулугун күчтөндүргөн, аларды бейиште жогорку даражаларга ылайыктуу пенделерге айланткан.
Ошондуктан, кылган бир дубасынын жообун көрүү үчүн шашмалык кылуу бир момунга эч эч жарашпайт. Момундун жалгыз милдети – бул Раббибизге кулчулук кылуу жана Аллах ал үчүн аныктап койгон тагдырга ыраазы болуу. Ыкластуу бир момун дубасын ушул кулчулук (пенделик) вазыйпасынын (милдетинин) бир бөлүгү катары кылышы керек.

Дуба бир гана дүнүйөлүк немат-жакшылыктар
үчүн кылынбайт
Дуба кылып жатканда, бул дүйнөдөгү жашообуз үчүн да сурашыбыз керекпи, же «бул дүйнөнү унутуп» бир гана акырет жашоосун көздөшүбүз зарылбы?
Аллах ыкластуу момундар үчүн экөөсүн тең кайырдуу көргөн. Албетте, бул дүйнө жашоосу бир күн бүтө турган абдан кыска бир жашоо. Ар бир нематтын адамды Аллахка жакындатуу жана шүгүр кылышына себепчи болуу ыктымалы бар. Бир нематты карап, бейиш жөнүндө ойлонуу мүмкүн, Аллахтын сыпаттары эстелиши мүмкүн, Аллах даңкталышы мүмкүн. Мына ушул себептен Аллах момундарга дүйнө жашоолору үчүн да, акырет жашоолору үчүн да дуба кылууларын сунуш кылат. Дүйнө жашоосунун утурумдук кооздугун каалап, акыретти унутпашы үчүн да аларды эскертет. Аяттарда мындайча буюрулат:

... Адамдардын ушундайы бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө бер» дейт; анын акыретте насиби жок. Алардын ушундайы да бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө да жакшылык бер, акыретте да жакшылык (бер) жана бизди оттун азабынан сакта» дейт. Мына ушулардын тапкандарына жараша насиптери бар. Аллах абдан жакшы эсептешүүчү. (Бакара Сүрөсү, 200-202)

Адам өз дүйнөсүнө тиешелүү нерселерди сурайт. Эмне үчүн жашап атса, аны эмне эң көп кызыктырса, эмнеге көбүрөөк убакыт коротуп атса, дубасын да ошолор үчүн кылат. Аллах үчүн жашаган бир адамдын максаты – Аллах андан каалагандарын аткарууга аракет кылуу. Ошондуктан дубасы да ушул багытта болот.
Адамдын бул дүйнөгө тиешелүү каалоолору ишке ашышы мүмкүн. Бирок булар, мурдараак да айтылгандай, ал үчүн ал ойлогондой жакшылык (кайырдуу) болбошу мүмкүн. Акча сурайт. Бирок кийин акча анын каапырдыгын көбөйтүүчү бир азгырык болушу ыктымал. Себеби материалдык нерселер толук пут кылынып алган мындай чөйрөдө ал жолуккан жана жолуга турган бүт нерсе жана дээрлик бүт адамдар толугу менен диндин талаптарына тескери келет.
Каалоо дүнүйөлүк бир каалоо жана анын жообун бул дүйнөдө көрөт. Акыреттеги жообу болсо эч ал күтпөгөндөй болушу ыктымал. Дүйнө жашоосунун өзүнө тарткан өзгөчөлүктөрүнүн кээ бирлери бир аятта мындайча кабар берилет:

Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу инсандарга «сулуу жана өзүнө тартуучу» кылынды. Булар – дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)

Бул дүйнөдө мындай дүнүйөлүк каалоо жана арзуулардын ишке ашышы адамга бир катар пайдаларды албетте алып келет. Бирок дүйнөдөгү мындай пайдалар акырет үчүн бир кайып болушу ыктымал. Дүнүйөлүк каалоолордун акырет үчүн да пайда алып келген тараптары бар. Буга эң сонун пайгамбарлар мисал болот.
Бул куттуу адамдар дүйнө жашоосунун утурумдук кооздугу болгон пайдаларды Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн гана сурашкан. Булардын эң башкылары байлык, урпактын уланышы, коомдо белгилүү бир статуска жетүү сыяктуу нерселер.
Пайгамбарлардын каалоолору толугу менен Аллахты ыраазы кылууга багытталган. Эч бир пайгамбар балалуу болууну өзүнөн соң атын уланта турган бир артыкчалык катары сураган эмес. Баланы алардан соң ыймандууларга башчы болушу үчүн гана сурашкан.
Ал эми өз урпагынын уланышын бул дүйнөдө бир мактануу үчүн каалаган бир адамдын мындай каалоосу акыретте өзүнө бир жамандык болот. Себеби өзүнүн амбиция жана бой көтөрүү каалоосун канааттандыруу үчүн гана муну каалаган жана бул каалоосу Аллахты эстешине тоскоол болгон. Аллах бул каалоого бул дүйнөдө жооп берет, бирок акыретте насиби болбошу мүмкүн.
Бир гана дүйнө нематтарын каалап дуба кылуу бир момунга жарашпайт, ошондой эле, Аллахка карата чоң бир ыклассыздык болот. Момундардын чыныгы максаты – бул бейиш. Дуба кылган адам эгер чындап ыймандуу болсо, чыныгы мекени болгон бейишти унутуп, бүт дубасын утурумдук жашап турган дүйнө жашоосунун нематтарына бурбашы керек. Аллахтан бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык, сулуулуктарды сурашы зарыл.

Дубалар өзү үчүн эле эмес,
бүт момундар үчүн болушу керек
Караңгы коомдо адамдар мал-мүлк, байлык, урпак, түгөй жана бейпилдиктин эң жакшысы менде болсун дейт. Жакын дос катары белгилүү болгон адамдардын, ал тургай, туугандардын арасында да кызганычтыктан, көз артуудан улам келип чыккан уруш-талаштарга жана адамдардын өзүнө атаандаш катары көргөн бүт адамдарга зыян тийгизүүгө аракет кылганына көп жолу күбө болобуз.
Ал эми Куранда сүрөттөлгөн момун моделин жашаган адам болсо дүйнө жашоосундагы кооздуктарды да, акыреттеги нематтарды да башка момундар менен бирге жашайт. Дүйнөдө нематтар чектүү болгондуктан, буларды алар менен бөлүшүшү, кээде өз напсисинен кечип, бир тууганына бериши керек болуп калат. Куранда момундун мүнөздөрү сүрөттөлүп жатканда, бул өзгөчөлүккө атайын көңүл бурулат. Бир аятта мындайча буюрулат:

...Аларга берилген нерселер себептүү ичтеринде бир муктаждык (каалоосу) сезишпейт. Өздөрүндө бир жетишпестик (муктаждык) болсо да, өз напсилери ордуна (бир туугандарын) тандашат. Ким напсисинин «сараң жана өзүмчүл каалоолорунан» сактанган болсо, дал ошолор – кутулууга жетишкендер. (Хашр Сүрөсү, 9)

Момундардын бири-бирине болгон мындай боорукердиги, бири-биринин жакшылыгы үчүн аракет кылышынын маанилүүлүгү Курандын башка аяттарында да кайталанат:

Момун эркектер жана момун аялдар бири-биринин досу (велиси). Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат, намазды туптуура кылышат, зекетти беришет жана Аллахка жана Элчисине баш ийишет. Аллах аларга мээримин төгө тургандар мына ушулар. Шексиз, Аллах – Улуу жана Күчтүү, Өкүм жана Хикмат Ээси. (Тообо Сүрөсү, 71)

Момундар арасындагы кайрымдуулук, албетте, дубаларына да чагылат.
Эң биринчиден көңүл бурган бир жагдай бар, Курандагы момундар дубаларында Аллахка кайрылганда, көбүнчө «мен» эмес, «биз» дешет. Б.а. дуба кылган бир момун Аллахтан каалаган бүт нерсесин бир гана өзү үчүн эмес, бүт момундар үчүн суроодо. Албетте, адам өзү үчүн да Аллахка дуба кылат. Ар кандай нематка жетүү үчүн, каталарынын оңдолушу үчүн, кыямат күнү кор болуп, басмырланбашы үчүн, тозок азабынан кутулуу үчүн Аллахтан жардам сурашы мүмкүн. Бирок, мындан тышкары, көп нерседе өзү үчүн сурагандарын, башка момундар үчүн да сурашы – Куранда өрнөк кылынган бир мүнөз. Төмөндөгү бир канча аят буга мисал:

«... Раббибиз, эгер унутсак же ката кетирсек, бизди жазалаба. Раббибиз, бизге бизден мурункуларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө. Раббибиз, биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө. Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл. Өзүң биздин Кожоюнубузсуң. Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер. (Бакара Сүрөсү, 286)

«Раббибиз, бизди хидаятка (туура жолго) жеткирген соң жүрөктөрүбүздү адаштырба жана Кабатыңдан бизге бир мээрим тартуула. Шексиз, кечирими эң көп болгон бир гана Сенсиң. Раббибиз, сөзсүз келе турган бир күндө адамдарды чынында Сен топтойсуң. Чынында Аллах убадасынан кайтпайт.» (Али Имран Сүрөсү, 8-9)


«Раббибиз, биз (Сенин) түшүргөнүңө ишендик жана элчини ээрчидик. Бизди күбөлөр (шахиддер) менен бирге жаз.» (Али Имран Сүрөсү, 53)

ДУБАНЫН ОРДУ ЖАНА УБАКТЫСЫ


Аллах Куранда сүрөттөгөн дубада адам Аллахтын аны көрүп, угуп турганын түшүнгөн, Ага урмат жана коркуу менен моюн сунган жана Анын алдында кулчулугун апачык кабыл алган болот.
Курандан дубанын белгилүү бир убактысы жок экенин көрүүгө болот. Адамды дуба кылууга багыттаган ар кандай каалоо бул ибадаттын убактысынын келгенин көрсөтөт. Адамдын каалоо жана муктаждыктары тынымсыз болгондуктан, дубасы да тынымсыз болушу керек. Б.а. дубанын белгилүү бир убакыт, сааты жок.
Бирок Куранда дубада концентрацияга жетүү оңой болгон, күнүмдүк иштерден тышкаркы сааттарга, б.а. түнгө жана эрте мененки намаз убактысына көңүл бурулууда. Бир аятта момундар «...таң убактыларында кечирүү сурагандар» (Али Имран Сүрөсү, 17) деп сүрөттөлөт жана ушул аркылуу эрте мененки убакыттын маанилүүлүгүнө басым жасалган. Башка аяттарда болсо түндүн кыймылга толо болгон күндүзгө караганда ойлонуу, окуу жана дубага ыңгайлуу экени мындайча кабар берилген:

Чынында түнкү кубаныч (түнкү ибадат адамдын ички дүйнөсүн ойготуучу) таасир жагынан күчтүүрөөк, окуу жагынан жакшыраак. Себеби күндүз сен үчүн көп алектенүүлөр (иштер) бар. Раббиңдин ысымын зикир кыл жана баарынан өзүңдү тартып, бир гана Ага кайрыл. (Мүземмил Сүрөсү, 6-8)

Дуба үчүн белгилүү бир убакыт коюлбаганы менен, Курандын таңга жана түнгө көңүл бурушунун чоң сырлары бар. Аллах менен жакын бир байланыш куруп, чын ыкластуу бир дуба менен күнүн баштаган момундун күн ичинде Аллахтын ыраазылыгын унутуу же чектерден чыгуу ыктымалы азайат. Күнүн дуба менен баштаган адам күнүн Аллахтын аны көрүп турганын билүү менен өткөрөт.
Куранда кеңеш кылынган түнкү дуба болсо күн бою дүнүйөлүк иштер менен убактысын өткөргөн адамдын өзүнө-өзү абийир эсептешүүсүн жасашына себепчи болот. Адамдын күндүз башына келген жана сыртынан терс сыяктуу көрүнгөн окуяларга хикматтуу, тобокелдүү жана акылга салып баа беришин камсыздайт.
Адамдын түнкү сааттарда дуба үчүн убакыт бөлүшү күндүз кетирилген каталарды эстешине жана бул каталары үчүн тообо кылышына, Аллахтын кечиришин суранышына жана күнүмдүк иштер адамдын рухунда себеп болгон тескери маанайлардын жеңишине бир себепчи.
Дуба үчүн белгилүү бир жер да жок. Адам базарда, көчөдө, унаанын ичинде, мектепте, жумуш ордунда, кыскача айтканда, бүт жерде дуба кыла алат. Ар кандай жерлерде болуунун кандайдыр бир мааниси жок. Эң негизгиси – бул адамдын кайсы жерде гана болбосун, Аллахтын ага күрөө тамырынан да жакын экенин унутпашы. Куранда пайгамбарлардын дайыма жана бүт жерде дуба кылганы кабар берилет. Бир аятта мындайча буюрулууда:


(Муса) Ошол замат алардын малдарын сугарды, анан кайра көлөкөгө барып: «Раббим, чынында мага берчү бүт жакшылыгыңа муктажмын» деди. (Касас Сүрөсү, 24)

ДУБА КАБЫЛ БОЛБОЙТ ДЕП ОЙЛОО


Адам өмүр бою ага айтылган сөздөр, көз-караштар себебинен убакыттын өтүшү менен жашоодогу таң калыштуу кереметтерге да маани бербей калат. Ушул себептен, көп адамдар бул дүйнөдөгү окуялар өзүнөн-өзү жана кокустуктар абалында ишке ашат деп убакыттын өтүшү менен өзүн ишендирет. Негизи Аллахтын бар экенине ишенбей койбойт, эч дегенде муну кесе жокко чыгарбайт. Бирок дүйнө Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчө кыймылдайт, Ал окуялардын агымына эч кийлигишпейт, же «кереметтер» аркылуу миңдеген жылда бир жолу кийлигишет деп ойлойт.
Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө албаган бул адам, албетте, Аллахтын дубаларга жооп берүүчү сыпатын да түшүнө албайт. Дуба кылса да Аллахтын дубасына жооп берээринен күмөндө болот.
Ал эми момун болсо дуба кылганда, Аллахтын аны угуп тураарын жана дубасына кандай жол менен болсо да жооп берээрин билет. Себеби окуялардын өз башынча жана кокустук абалында эмес, Аллах аныктап койгон тагдырга ылайык ишке ашаарын, Ал каалагандай болоорун билет. Ушул себептен, дубам жоопсуз калат деген күмөндө болбойт. Мындай чын ыкластуу маанай менен дуба кылгандын дубасын да Аллах макул көрөт жана кабыл алат. Аллах Куранда мындайча буюрууда:

Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп калышаар. (Бакара Сүрөсү, 186)

Аллах башка аяттарда болсо «...кыйынчылык жана муктаждыктагы (адам)га Ага дуба кылганда жооп берүүчү...» (Немл Сүрөсү, 61-62) деп билдирет, бул болсо чын ыкластуу дубалардын Аллах Кабатында сөзсүз кабыл алынып, жооп берилээрин көрсөтөт.
Ошондуктан, дубаны Аллахтын жардамынан күмөн санабастан, кабыл болооруна толук ишенүү менен кылуу зарыл. Мындай кылбаган, б.а. Аллахтын жооп берээринен күмөндө болгон адам болсо башынан эле Курандын логикасына карама-каршы келген болот.
Ушул себептен, дуба кылган адамда болушу керек болгон эки өзгөчөлүк – бул Аллахка карата чын ыкластуулук жана ишеним. Аллах пенделеринин Өзүнө жакын болушун каалайт. Чын ыклас менен суралган жакшы нерселерге жооп берет. Адамды болгону бир тамчы суудан жараткан, жер жүзүн жоктон жараткан Аллах үчүн кандайдыр бир адамдын дубасына жооп берүү абдан оңой. Талап кылынган нерсе – бул ишеним жана сабыр менен суроо.
Дуба жөнүндөгү балким эң чоң коркунуч – бул дуба кабыл алынбайт деп дуба кылуудан баш тартуу. Бул көп тараптан туура эмес, ал тургай караңгы бир мамиле. Эң биринчиден айта кетчү бир жагдай бар, аяттарда айтылган «дубага жооп берүү» бир нерсенин «дал өзүндөй ишке ашышы» маанисине келбейт. Себеби адам, жогоруда да айтылгандай, кээде өзүнө зыян болгон бир нерсени Аллахтан сурап жаткан болушу ыктымал. «Адам жакшылыкка дуба кылгандай, жамандыкка да дуба кылууда. Адам абдан шашма» (Исра Сүрөсү, 11) аяты муну кабар берет.
Дубада кааланган нерсенин кечиктирилип берилишинин же такыр башкача жооп берилишинин бир себеби Аллахтын адамдарды сынап жатканы болушу да мүмкүн. Аллах кулдарынын сабырын сыноо жана аларды бышып жетилтүү үчүн бере турган нематтарын белгилүү бир хикмат боюнча белгилүү бир мөөнөттөн соң бериши ыктымал.

Ушул сыяктуу себептерден улам дубада суралган бүт нерсенин бат эле ишке ашышын күтө албайбыз. Улуу Ислам аалымы Бедиүззаман айткандай, Аллах дубада суралган нерсенин азыраагын бериши да мүмкүн, балким сыйлык катары көбүрөөгүн да бериши ыктымал, же жогоруда саналган себептерден улам эч бербеши да мүмкүн. Бирок кандай болгондо да, Аллах Ага дуба кылгандын дубасына жооп берген болот.

СӨЗ МЕНЕН ДУБА ЖАНА КЫЙМЫЛ МЕНЕН ДУБА


Аллах жер бетинде ишке ашкан бардык окуяларды белгилүү себептерге байланыштуу кылып койгон. Дүйнөдөгү жана ааламдагы бүт нерсе Аллах койгон мыйзам жана эрежелерге ылайык кыймылдайт. Аллах сөз менен кылынган дуба менен бирге адамдардын аракеттери менен да дубаларынын ишке ашышын канчалык каалаганын көрсөтүшүн күтөт. Бул «кыймыл-аракет менен кылынган дуба».
Кыймыл менен дуба адамдын кандайдыр бир каалаганына жетүү үчүн колунан келгендин баарын толук кылышын түшүндүрөт. Бир адамдын университет сынагына кирүү үчүн форма толтурушу, аудиторияга барышы, сабак окуп даярданышы бир дуба. Ошондой эле, бүт буларды кылып жатып, Аллахтын ага ийгилик беришин сурашы да бир дуба. Кыймыл менен дуба – сөз менен кылынган дуба менен чогуу кылына турган негизги бир ибадат. Кыймыл менен дубаны жана сөз менен дубаны түшүндүргөн дагы бир мисал – бул тообо. Адамдын кылган бир күнөөсү үчүн тообо кылышы жана Аллахтын кечиришин сурашы сөз менен бир дуба. Бирок адамдын жоопкерчилиги муну менен бүтпөйт. Аны жамандыктан коргошу үчүн Аллахка дуба кылган адам бул багытта аракет кылышы, тандашы керек болгон учурларда эркин колдонуп, туура жолду тандашы зарыл. Б.а. тообо кылып кылбайм деген нерсесин кайра кылбашы зарыл. Булар болсо анын кыймыл менен кылынган дубасы.

Бир иштин ишке ашышы үчүн дуба кылып гана отура берген бир адамдын бул кылыгы канчалык туура эмес болсо, бүт иштерди жана чараларды көргөн соң, б.а. кыймыл менен дубаны кылган соң «бул жумушту мен бүтүрдүм» деп сөз менен дубаны кылбай койгондун мамилеси да ошончолук туура эмес.

АЛЛАХТАН БАШКАГА ДУБА КЫЛЫНБАЙТ


Шерик кошуу, б.а. ширк, Аллахтан башка кудайларды тутунуу – Аллахка карата кылынган эң чоң кылмыш. Шерик кошуунун канчалык чоң бир кылмыш экени Куранда мындайча билдирилет:

Чынында Аллах Ага шерик кошулушун кечирбейт. Калган (күнөө)лөрдү болсо, каалаганын кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, чынында чоң бир күнөө менен жалаа жапкан болот. (Ниса Сүрөсү, 48)

Ширк жөнүндө маанилүү бир нерсени билүү керек: тарыхтын ар кайсы доорунда, биз жашап жаткан доордо да ширк абдан кеңири тараган. Көп адамдар мен шерик кошпойм, б.а. «Аллахтан башка кудай тутунбайм» деши мүмкүн, бирок ширк ичинде жашап жаткан болушу ыктымал. Себеби ширк Аллахтын сыпаттарын башка нерселерге таңуулоо дегенди билдирет. Ошондуктан, бир адам Аллахтан башкалардын ыраазылыгына жетүү үчүн, аларды ыраазы кылуу үчүн жашап жатса, башкалардан коркуп, башкалардан бир нерсе үмүт кылып жатса, анда ширк ичинде жашап жаткан болот.
Адамдар үчүн эң чоң коркунуч болгон ширктен коргонуу жолдорунун бири – бул Аллахка дуба кылуу. Себеби дуба кылган адам Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын, Анын алдындагы алсыздыгын, ага жардам бере тургандын бир гана Аллах экенин жана Андан башка сыйынууга татыктуу эч кимдин жок экенин кабыл алган болот. Ушул себептен, дуба момунду ширктен коргойт.
Куранда «Эй Пайгамбар, сага жана сени ээрчиген момундарга Аллах жетет» (Анфал Сүрөсү, 64) аятында айтылгандай, Мусулмандар жардам сурала турган жалгыз Заттын Аллах экенин билишет. Ал бүт нерседен жогору, чексиз кудурет ээси, бүт нерсени көрүүчү жана угуучу. Бүт кемчиликтерден аруу-таза жана чексиз кудурет ээси – бул Аллах. Ааламда бүт күч-кудурет Анын колунда. Демек, жардам жана кечирим, бүт баары Ага муктаж болгон, Өзү болсо эч нерсеге муктаж болбогон Аллахтан гана суралышы керек. Куранда Аллахтан башкага дуба кылуунун туура эмес экендиги жана дуба кылынуучунун бир гана Аллах экени көп аяттарда айтылат:

Аллах менен бирге башка бир кудайга жалынып-жалбарба, анан азапка туш болгондордон болосуң. (Шуара Сүрөсү, 213)

Башка аяттарда болсо Аллахтан башкага дуба кылгандардын абалы төмөнкүчө баяндалат:

Аллахтан башка жалынгандары эч нерсени жарата алышпайт, болгондо да алар жаратылып турушат. (Алар) Өлүк, тирүү эмес; качан тирилтилээрин биле алышпайт. (Нахл Сүрөсү, 20-21)

Ошондуктан, чын ыкластуу бир момун эч качан Аллахтан башкага дуба кылбайт. Бир гана Ага жалбарып, бир гана Андан жардам сурайт. Курандын алгачкы сүрөсү болгон Фатиха Сүрөсүндө, ушул себептен ыйман келтиргендерге төмөндөгү дуба үйрөтүлөт:

Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз. Бизди туура жолго сал; Аларга немат-жакшылык бергендериңдин жолуна. Наалатка калгандардын жана адашкандардын (жолуна) эмес. (Фатиха Сүрөсү, 4-7)


Момундардын милдети болсо – бул Аллахтын чексиз кудуретин ойлонуп-түшүнүү, бул кудуретке чын көңүлдөн моюн сунуу жана бир гана Андан жардам суроо. Антпесе, бул дүйнөдө да, акыретте да азап тартат. Бул – Аллахтын бир убадасы.

КАРАҢГЫ (САБАТСЫЗ) АДАМДАРДЫН ДУБА ТҮШҮНҮГҮ


Аллахтан башкаларды кудай тутунгандар, б.а. мушриктер да кээ-кээде Аллахка дуба кылышат. Бирок мушриктердин дубасы момундардын дубасынан такыр башкача. Мушриктер кыйын абалда калганда гана Аллахка муктаж экенин эстешет жана мындай абалдан кутулуу үчүн гана дуба кылышат.
Чынында болсо адам дайыма, жашоосунун ар бир көз ирмеминде Аллахка муктаж. Мушрик менен момундун дубаларындагы айырма мына ушунда. Момундар дайыма жана ар кайсы абалда Аллахка кайрылышат. Момун дуба кылуу үчүн ага бир кыйынчылык келишин күтпөйт. Аллахка дайыма жакындоо муктаждыгын сезгендиктен, дуба кылат.
Мушрик мүнөзүнүн эң негизги өзгөчөлүгү болсо – бул анын Аллахка карата абдан нашүгүр (шүгүрсүз) жана эки жүздүү болушу. Кыйынчылыкка кабылганда, бүт нерсени коюп Аллахка дуба кылат. Кыйынчылыктан кутулганда болсо, дуба кылбагандай болуп Аллахты унутуп калат. Себеби окуялардын көпчүлүгү Аллахтан көз-карандысыз башка жандыктардын башкаруусунда болуп жатат деп ойлойт. Дүйнөдөгү бүт нерсенин түпкүрүндө Аллахтын эрки менен болуп жатканын билбейт. Мындай үстүртөн болгон көз-карашы себебинен өзүнчө бел байлаган бардык үмүттөрүнүн ансыз деле Аллахтын башкаруусунда экенин билбейт.
Мисалы, бир ооруга чалдыкканда, «мени докторлор, дары-дармек же оорукананын жогорку технологиясы айыктырат» деп ойлойт. Бүт ооруга Аллахтын шыпаа берээрин, керектүү дарыны, докторду да Аллах жаратканын ойлоно албайт. Абдан ишенген докторлору, дарылар жетишсиз болуп калганда гана, ага чейин абдан аз ойлогон, ал тургай эч ойлобогон Аллахтан жардам суроо жолун тандайт. Чынында болсо, бир гана Аллах шыпаа берет. Караңгы коом адамдары болсо муну түшүнө алышпайт жана шүгүрсүздүк кылышат. Мындай шүгүрсүздүктөрү бир аятта мындайча сүрөттөлөт:

Адамга бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч (жардамга) чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Чектен чыккандарга кылган иштери мына ушундай кооздолгон. (Йунус Сүрөсү, 12)

Адамдын кыйын учурда Аллахты эстеши негизи жалгыз жардам сурай турган Заттын Аллах экенин билет деген мааниге келбейт. Мурда напсисинин каалоолоруна карама-каршы келген үчүн байкамаксан болгон бул чындыкты, чоң бир кыйынчылыкка кабылаар замат эстейт. Бирок бул кыйынчылыктан кутулаары менен кайра шүгүрсүздүк кылат. Мунун апачык бир мисалы Куранда мындайча сүрөттөлөт:

Кургактыкта жана деңизде силерди Ал саякат кылдырат. Кайсы бир убакта силер кемеде баратканыңарда, кемелер жагымдуу жел менен аларды сүздүрүп баратканда жана муну менен сүйүнүп жатышканда, (капыстан) ага добул шамал келип согот жана ар тараптан толкундар аларды курчап калат; эми алар бул (толкундар менен) чындап курчалып калдык деп ойлошкондо, динде Ага «чын көңүлдөн моюн сунгандар (ыкластуу)» болушуп Аллахка дуба кылып башташат: «Ант болсун, эгер мындан бизди куткарчу болсоң, сөзсүз Сага шүгүр кылгандардан болобуз.» Бирок (Аллах) аларды куткарганда болсо, бир заматта акыйкатсыздык менен жер жүзүндө чектен чыгып башташат. Эй адамдар, силердин чектен чыгууңар өзүңөргө гана зыян; (бул) дүйнө жашоосунун убактылуу алдамчы кооздугу. Кийин Бизге кайтасыңар, Биз болсо кылгандарыңарды силерге кабар беребиз. (Йунус Сүрөсү, 22-23)

Бороондо деңиздин ортосунда калган бир кемеден кутулуу абдан кыйын. Адам өлүмгө абдан жакын келген болот жана ушул кезге чейин таянган себептердин эч бири ага жардамга келе албай турган абал болот. Ага ушундай бир кудурет ээси керек, деңизди да, бороонду да, кемени да, караңгылыкты да башкарсын... Мындай улуу күчтүн ээси – бир гана Аллах.
Бул адамдын Аллахтан башка жардам күтө турган бүт жардам эшиктери жабылды дегенди билдирет. Б.а. толугу менен чарасыз абалда калган болот. Ушундай учурда калган адам бир заматта Аллахтын бар экенине ишенүү менен, ага бир гана Анын жардам бере алаарынан эч шектенбестен дуба кылып баштайт. Дуба кылып жатканда, бүт нерседен өзүн алып, бир гана Аллахка жалбарат. Аны мындай абалдан бир гана Аллахтын куткара алаарын түшүнгөн болот. Жана мунун да бир гана Аллахтын каалоосунда экенин билет.
Бул чындыкты ошол учурда абдан жакшы түшүнүп, акылы жетет. Мурдалары Аллахка шерик кошкон бүт нерсеси жок болуп кеткен болот. Аларды ойлонбойт дагы. Алардын ага жардам берүү ыктымалы оюна да келбейт. Себеби андайдын мүмкүн эмес экенин абдан жакшы билет. Мурда ушундай бир абалга кабылаарын балким эч ойлонгон эместир. Өлүм менден абдан алыс деп ойлогондуктан, өлүмдөн кийинкиси үчүн абдан кайдыгер жана бейпил болгондуктан, дүнүйөдөгү колдоочуларына ишенип келген болот. Бирок эч ойлобогон жерден мындай бир окуяга кабылганда, ал колдоочуларынын бар экени аны эч кызыктырбайт. Аллахка дуба кылууда эч күмөнгө түшпөйт. Бул адам Аллахка баш ийүү, Андан жардам суроодо мурда кыйналган бирөө болсо да, ал учурда чын ыкластан дуба кылат. Аллахка дуба кыл деп ага эч ким айтпайт, эстетпейт. Мунун кереги жок. Бир гана Аллахтан жардам келээрин өзү түшүнгөн болот, себеби.
Ошол кезге чейин эч ойлобогон өзүнүн аягы, кокустан ага жакындап, дээрлик өлүм менен бетме-бет келген болот. Өлүмдүн бар экенин алгачкы жолу ушунчалык жакшы түшүнгөн болот. Өмүр бою эч ойлобогон өлүмдү жана мындан кийинкисин бир канча мүнөт ичинде абдан терең ойлонот жана ага чейин эч сезбеген бир коркууну сезет. Дүйнө жашоосунда эч оюна келбеген акырет чындыгы кокустан көз алдына тартыла түшөт.
Өлүмгө мынчалык жакындаганда, бейишке ылайыктуу иштерди кылбаганын түшүнөт жана эң чоң коркунучу мына ушундан болот. Дүйнөдө кылгандарын анализдейт. Мунун натыйжасында бой көтөрө да албайт, дин жөнүндөгү жаман мамилесин да кыла албай калат. Мурда Аллахка жакын болуудан баш тартпагандай, дуба кылууда бой көтөрбөгөндөй жана бүт нерсени өз күчүм менен кылдым дебегендей болуп калат. Чынында болсо негизи өзүнүн шүгүрсүздүгүн билет. Өз эрки менен Аллахка жакындап дуба кылат. Бул эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билээринин эң чоң алааматы.
Ага мурда үйрөтүлбөсө да, кыйынчылыкка кабылган көп адамдар биз сүрөттөгөндөй жакындык менен жана чын жүрөктөн Аллахка дуба кылышууда. Ал тургай, бул адамдардын кээ бирлери мурда бейпил жашап жатканда, Аллахтын бар экенин жокко чыгаруудан да тартынбаган адамдар. Аллахты жокко чыгарып, каапырдыгы менен таанылган адамдардын көпчүлүгү мындай учурда «Андан башка баш калкалай турган жок болгон» Аллахка корголонушат.
Бирок, Куранда билдирилгендей, кемеде чын жүрөктөн, Андан башка эч бир күч ээсинин жок экенин түшүнгөн абалда Аллахка кайрылган каапыр адам коркунучтан кутулган соң ал кездеги коркуу жана чын ыкластуулугун бир заматта жоготот. Таң калыштуу абалда мурдакы мушрик абалына кайра кайтат. Бушаймандык жана Аллахка кайрылуусу жоголуп, кокустан анын ордуна каапырдык жана шүгүрсүздүк келет. Ыймансыздыгына кайра кайтат. Коркунуч учурунда ойлонуп, түшүнгөн чындыктарды да унутуп калат. Бейпилдик келип, коркунучтан алыстоонун натыйжасында өзүн коопсуз сезип, Аллахка дуба кылууну унутат.
Караңгы адамдардын мындай туура эмес психологиялык абалы жана шүгүрсүздүгү башка аяттарда мындайча баяндалат:

Адам жакшылык суроодон тажабайт; бирок ага бир жамандык келээр замат, ал үмүтсүз болуп калат. Ал эми ага келген зыяндан кийин тарабыбыздан бир мээрим таттырсак, сөзсүз: «Бул менин (акым). Жана мен кыямат-саатын да келбейт деп ойлойм; эгер Раббиме кайтарылсам да, сөзсүз Анын Кабатында мен үчүн (бул жакшылыктардын) жакшыраагы бар» дейт. Бирок, ант болсун, Биз ал каапырларга кылгандарын кабар беребиз жана ант болсун аларга эң оор азаптан таттырабыз. Адамга немат бергенибизде, жүз буруп, бурулуп кетет; ага бир жамандык келгенде болсо, ал (көп жана терең терең) дуба кылуучуга (айланат). (Фуссилет Сүрөсү, 49-51)

Бул аяттардын баарында кыйынчылык учурунда Аллахка кайрылып, бирок бейпилдикке жеткенде болсо шүгүрсүзгө айланган адамдар жөнүндө сөз кылынууда. Бул, башында айтылгандай, мушриктердин мамилеси; себеби момундардын өзгөчөлүгү – бул ар кандай шартта, дайыма Аллахка кайрылышында. Бир гана кыйынчылыкта эмес, бейпилдик, бакыт ичинде жашап атканда да Ага дуба кылып, Аны мактоо менен аруулашат. Жардам сурала турган Заттын бир гана Аллах экенин абдан жакшы билишет.
Бирок бул жерде бир жагдайга көңүл буруу керек: кемеде Аллахка дуба кылып, кийин бейпилдикке жеткен соң Аны унутуп калган шүгүрсүз мүнөз – ар бир адамдын напсисинде бар болгон жана ошондуктан бүт адамга таасир бериши мүмкүн болгон бир нерсе. Курандагы бул кыссанын бир хикматы, албетте мушриктерди сындоо, бирок бүт окугандар бул жерде айтылгандан сабак алышы жана мындай мамиледе болуудан сактанышы керек. Б.а. бүт адамдар бул мисал жөнүндө ойлонуп, өзүнүн абалын анализдеп, чын ыкластан өз напсисин суракка алышы зарыл.
Мисалы, сиз өз абалыңызды ойлонуп жатасызбы?...
Сиздин дубаларыңыз да, кеме менен бороонго кабылгандар сыяктуу, кыйынчылык учурларында гана күчтөнөбү? Аллахка бир кырсыкка, бир кыйынчылыкка кабылганда гана кайрыласызбы? Дубаларыңыз кыйынчылык учурунда гана чын ыкластан жана чын жүрөктөн болобу? Бейпил жана бактылуу кездериңизде болсо Аллахты аз эстеп, Ага көп дуба кылбай каласызбы?...
Эгер ушундай болсо, анда бул жөнүндө ойлонушуңуз керек. Курандагы кыссадан сабак алышыңыз, кемеде дуба кылып, анан шүгүрсүздүк кылган мушриктерге окшобош үчүн аракеттенишиңиз, Аллахка тообо кылышыңыз, Анын кечиришин сурашыңыз зарыл. Себеби ыймандуу адамдын милдети – бул Куранда айтылган каапыр жана мушрик мүнөздөрүнөн мүмкүн болушунча качынуу жана момун өзгөчөлүктөрүнө толук ээ болуу үчүн аракет кылуу. Бир момундун эң маанилүү мүнөздөрүнүн бири болсо – кыйынчылыкта да, бейпилдикте да, жокчулукта да, молчулукта да, ар кандай шартта Аллахка кул экенин унутпашы, дайыма Ага кайрылышы, дайыма Ага дуба кылуучу жана шүгүр кылуучу болуу.
Кыйынчылык учурларында гана Аллахка дуба кылуу чын ыкластуу бир мамиле эмес экенин унутпаш керек. Куранда Аллахка жана элчисине баш көтөргөн, эң адашкан дин душмандарынын да кыйынчылык учурунда Аллахка кайрылып, дуба кылаары билдирилген. Бул багыттагы эң ачык мисалдардын бири – бул Фараон. Байыркы Египетте өзүн кудай деп таанытып, бой көтөргөн Фараон Аз. Муса жана анын коомуна көп азаптарды берген жана ага келген бардык кереметтерге жана динге чакырууга карабастан Аллахтан баш тарткан. Болгондо да мындай каапырчылыгы жана текебердиги өлүмгө жолукканга чейин уланган эле. Бирок өлүмдүн ага абдан жакын экенин жана кутулуу мүмкүнчүлүгүнүн калбай калганын түшүнгөндө, чарасыздык ичинде дуба кылып баштаган жана өзүнүн да бир Мусулман (Аллахка баш ийген) экенин айткан. Куранда бул мындайча баяндалат:

Биз Исраил урпактарын деңизден өткөрдүк; Фараон жана аскерлери көөп, душмандык менен (алардын) артынан кубалады. Суулар аны чөктүрө турган деңгээлге жеткенде, (Фараон): «Исраил урпактары ишенген (ыйман келтирген) Кудайдан башка кудай жок экенине ишендим жана мен да Мусулмандарданмын» деди. Эмиби? Мурдалары болсо сен баш көтөргөн элең жана бузукулук чыгаргандардан элең. Бүгүн болсо сенден кийинкилерге бир аят (тарыхый бир далил, насаат) болушуң үчүн сени бир гана денең менен куткарабыз (бүт адамдарга өлгөн денеңди көрсөтөбүз). Чынында адамдардын көпчүлүгү Биздин аяттарыбыздан кабарсыз. (Йунус Сүрөсү, 90-92)


Куранда көп жолу баяндалган мындай туура эмес дуба түшүнүгүнөн, жогоруда да айтылгандай, момун да өзүнө сабак чыгарышы керек. Куран аны окуган момундарга кайрылат жана Аллах бул аяттарда момундарга да эскертүүлөрдү берүүдө жана дубанын дайыма кылынышын каалаганын билдирүүдө. Караңгы адамдар менен ыймандуу адамдардын дуба түшүнүгүндөгү айырма мына ушунда. Момундар аларды жараткан, сансыз немат берген Раббибизге карата абдан моюн сунуучу абалда болушат. Алар үчүн чыныгы дос жана жардамчынын бир гана Аллах экенин билишет. Жана ушул себептен ар кандай чөйрөдө Аллахтан жардам сурайт жана Ага дуба кылышат. Караңгы адамдар болсо кыйынчылыкка кабылганда гана Аллахтан жардам суроону эстешет жана башка убактарда өздөрүнө башка досторду тутунушуп, алардан үмүт кылышат. Албетте, мындай караңгылыктарынын азаптуу жообун бул дүйнөдө да, акыретте да көрүшөт.