Акыркы жолу качан дуба кылганыңызды
ойлоп көрдүңүзбү?... Бул суроого ар кандай жооптор берилиши мүмкүн, бирок бүт
адамдар качандыр бир дуба кылган деген орток жооп чыгат. Адамдар, албетте, бүт
жерде, бүт чөйрөдө, каалаган бүт нерсе үчүн Раббибиз болгон Аллахка дуба кыла
алышат. Аллах ыйман келтиргендердин ар кандай чөйрөдө дуба кыла алаарына, Аны
эстей алаарына төмөнкү аяттар менен көңүл бурган:
Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты
эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана
айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан
Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» «Раббибиз, шексиз, Сен кимди
отко салсаң, аны «кор кылган жана басмырлаган» болосуң; зулумдук кылгандардын
жардамчысы жок.» «Раббибиз, биз: «Раббиңерге ыйман келтиргиле» деп ыйманга
чакырган бир чакыруучуну уктук, ылдам ыйман келтирдик. Раббибиз, биздин
күнөөлөрүбүздү кечир, жамандыктарыбызды жашыр жана бизди жакшылык кылгандар
менен бирге өлтүр (жаныбызды ал).» «Раббибиз, элчилериңе убада кылгандарыңды
бизге бер, кыямат күнү да бизди «кор жана басмырланган(дардан)» кылба. Шексиз,
Сен убадаңды аткаруучусуң.» Анан Раббилери аларга (дубаларын кабыл алып) жооп
берди: «Шексиз Мен эркек болсун, аял болсун, силерден бир (сооптуу) иш
кылгандын ишин текке кетирбейм...» (Али Имран Сүрөсү, 191-195)
Мындан тышкары, дубанын эң сонун, эң
туура түрү бар, Куранда булар терең баяндалган.
Үндү катуу чыгарбастан,
жалгыз, терең терең дуба кылуу
Абдан чарасыз жана кыйынчылык ичинде
калып, Аллахка дуба кылуу муктаждыгын сезген бир учуруңузда дуба кылуу үчүн
кандай бир чөйрө каалаганыңыз эсиңиздеби? Эч шексиз, түнкүсүн башыңызды
жаздыкка койгонуңузда же абдан тынч, ызы-чуусуз, Аллах менен жалгыз
калганыңызды сезе алган бир чөйрөдө дуба кылууну тандаган болушуңуз керек.
Ибадаттар учурунда руханий жыйналуу
(ойду толук жыйноо) адам жалгыз калып, эч ким билбеген учурларда, толук
концентрация болгон учурда болот. Муктаждыктары, каталары же кемчиликтери
жөнүндө Аллахка дуба кылуу муктаждыгын сезген бир адам жалгыз жана терең терең,
чын жүрөктөн дуба кылууну тандайт. Буга сонун бир мисал – бул Аз. Закариянын
дубасы. Куранда ал Аллахтан урпагын уланта турган бир мураскор сурап жатканда,
жашыруун дуба кылганына ишарат кылынат:
Ал
Раббисине жашыруун кайрылганда: «Раббим, шексиз менин сөөктөрүм бошошту жана
карылыктан чачтарым агара баштады; мен сага дуба кылуу менен бактысыз болгон
жокмун.» (Мерйем Сүрөсү, 3-4)
Дубанын аныктамасында «күчү чектүү
болгон бир жандыктын күчү чексиз бир кудуреттин алдындагы алсыздыгын билдирип,
бир нерсе сурашы» деген элек. Ошондуктан, дуба Аллахтын алдында алсыздыкты жана
жакырдыкты билип-сезүү менен кылынышы зарыл. Бирок, албетте, бир катар жасалма
кыймылдар менен, калыптанып калган жана туурамчы ойлор менен буга жетүүгө
болбойт. Ансыз деле чындап чын ыкластуу, өзүнүн алсыздыгын сезген адам муну
өзүнөн-өзү сезип-жашайт. Куранда ыймандууларга төмөнкүчө дуба кылуулары
сунушталат:
Раббиңерге
жалбарып жалбарып жана чын жүрөгүңөрдөн дуба кылгыла. Шексиз, Ал чектен
чыккандарды сүйбөйт. (Аьраф Сүрөсү, 55)
Раббиңди
эрте менен, кечинде бийик эмес үн менен, өзүңчө, коркуу менен, жалбара жалбара
жана терең терең эсте (зикир кыл). Капылет калгандардан болбо. Шексиз,
Раббиңдин Кабатындагылар Ага ибадат кылуудан бой көтөрүшпөйт...» (Аьраф Сүрөсү,
205-206)
Куранда дубанын жалгыз, жалбарып жана
терең терең кылынышына көңүл бурулат. Ошондуктан дубанын каерде кылынганы, дуба
учурунда уюштурулган «церемониянын» чоңдугу, көп адамдын катышышы жана дуба
кылган адамдын үнүнүн абдан катуу чыгышы маанилүү эмес.
Эң биринчиден, билип коюңуз, дубадагы
үндүн катуу чыгышы дубанын Аллахка жетишин же Аллахтын дубага жооп беришин
жеңилдетпейт. Биз дуба кылган Раббибиз ичибизден өткөн ойлорубузду билет, бүт
нерседен кабардар жана бизге күрөө тамырыбыздан да жакын (Каф Сүрөсү, 16).
Бизге ушунчалык жакын болгон Аллахка дуба кылып жатканда, үнүбүздү керексиз эле
катуу чыгаруунун бир мааниси жок. Адам ичинен да дуба кылса болот, өзүнө угула
турган бир добуш менен да дуба кылса болот.
Куранда ибадат учурунда да, башка
убактарда да үндү ылайыктуу деңгээлде тутуу керек экени адамдарга төмөнкү
аяттарда билдирилген:
Басканда орто бир жолду
карма (кичипейилдик менен бас), добушуңду көтөрбө. Себеби добуштардын эң жаманы
эшектин добушу. (Локман Сүрөсү, 19)
Айткын:
«Аллах деп чакыргыла, «Рахман» деп чакыргыла, эмне деп чакырсаңар бир; эң сонун
ысымдар Ага тиешелүү.» Намазыңда үнүңдү көп катуу чыгарба, көп дагы акырын
чыгарба, ушул экөө арасында (орто) бир жолдо бол. (Исра Сүрөсү, 110)
Көрүнүп тургандай, Куранда сүрөттөлгөн
ибадат өрнөгү көргөзмөдөн алыс. Эл көрсүн же уксун деп кылынбайт, бир гана
Аллахтын алдындагы милдетти толук аткаруу максатын көздөйт. Куранда буга абдан
маани берилет. Дуба жөнүндөгү аяттарда көп жолу «динди Аллахка калыс кылып,
дуба кылуу» айтылат. Мунун мааниси – бул диндин, б.а. ибадаттын бир гана Аллах
ыраазылыгы үчүн аткарылышы, Андан башкалардын ыраазылыгын эч максат кылбаш:
Ал
– Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай жок; демек бир гана Ага ыклас кылып,
Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун. (Момун Сүрөсү, 65)
Демек,
динди бир гана Ага калыс кылып, Аллахка дуба (кулчулук) кылгыла; каапырлар жакшы
көрбөсө да. (Момун Сүрөсү, 14)
Айткын:
«Раббим адилеттүүлүк кылууну буйрук кылды. Ар бир мечиттин жанында (сажда
ордунда) жүзүңөрдү (Ага) бургула жана динди бир гана Ага калыс кылып, Ага дуба
кылгыла. «Башында силерди жараткандай» ага кайтасыңар.» (Аьраф Сүрөсү, 29)
Дин бир гана Аллахтыкы. Ибадаттардын
баары Анын ыраазылыгына жетүү үчүн гана жасалат. Мунун жападан жалгыз жолу –
бул Ал каалагандай жана сүрөттөгөндөй кылуу.
Дубасын же башка кандайдыр бир ибадатын
Аллахка калыс кылбастан жасагандар, б.а. айланасындагы адамдарга «такыба
(Аллахтан корккон болуп)» көрүнүү үчүн аракеттенгендер чоң бир адашууда болушат.
Аллах Куранда алар жөнүндө мындай дейт:
Мобул
намаз кылгандардын абалы оор, алар намаздарында жаңылуу ичинде, алар
(намаздарын) эл көрсүн үчүн кылышууда. (Маъун Сүрөсү, 4-6)
Аллахтын бар экенин сезип дуба кылуу
Дубанын эң маанилүү шарттарынын бири –
бул Аллахка чындап ишенүү (ыйман келтирүү). Адам чарасыз калган учурларда
Аллахтын бар экенин жана ага бир гана Аллахтын жардам берээрин эч шексиз билет.
Бирок адам тынч, бейпил жашап жаткан кездерде да Аллахтын бар экенин жана
кудуретинин улуулугун сезип, дуба кылышы зарыл. Негизи адам бир гана дуба
учурунда эмес, дайыма муну билип жашашы керек.
Дайыма Аллахтын бар экенин жана жакын
экенин сезип, дуба кылышы зарыл. Себеби Аллахтын бар экенин билген адам гана
дубанын маанисин жана маанилүүлүгүн түшүнөт. Дуба Аллах менен Анын кулу
арасында жеке жана ысык бир байланыш курат. Адам бардык кыйынчылыктарын жана
каалоолорун Аллахка ачат, Ага жалбарат жана Аллах кулунун каалоосуна жооп
берет, дубасын жоопсуз калтырбайт.
Мурда да айтылгандай, Куранда дуба эч
кандай калыпка салынбайт. «Аллахты турганда, отурганда жана жатканда зикир
кылгыла (эстегиле)» (Ниса Сүрөсү, 103) аяты адамдын дайыма жана ар кандай шартта
Аллахты эстеп, Ага дуба кыла алаарын көрсөтөт. Негизгиси дубанын калыбы эмес,
адамдын чын ыкласы жана баш ийүүчүлүгү.
Мындан башкача түшүнүү болсо дубаны
чыныгы маанисинен алыстатат жана бир сыйкырчылык сыяктуу көрүнүшүнө жол ачат.
Кээ бир адамдар өз ойлорунан чыгарган дарактарга чүпүрөк байлоо, сууга үйлөө
сыяктуу негизсиз (батыл, жалган) ишенимдер мунун бир көрсөткүчү. Көңүл бурулган
болсо, мындай иштердин негизги өзгөчөлүгү – буларды жасаган адамдардын Курандын
логикасынан алыс болушу. Түздөн-түз Аллахка кайрылып, каалагандарын Андан
сураштын ордуна, бир катар батыл (негизсиз) церемония же символдорду чыгарып,
дубаны ушулар аркылуу жасашууда. Кимге дуба кылып жатканын, кимге жалбарып
жатканын көп ойлонушпайт. Дуба үчүн колдонгон нерселеринде бир «керемет» бар
деп ойлошууда, бирок алардан суралса, мунун эмне экенин түшүндүрө алышпайт.
Мүрзө зыяраттарын максатынан алыстатышып, бул мүрзөлөрдө жаткан адамдарга дуба
кылгандар, алардан бир нерсе үмүт кылгандар да ушундай эле батыл жана адашкан
ишенимге ээ.
Момун болсо «Раббиңдин ысымын зикир кыл
(эсте) жана бүт баарынан өзүңдү тартып, бир гана Ага кайрыл» (Мүземмил Сүрөсү,
8) буйругуна баш ийет, бүт мындай батыл ишенимдерден алыс болуп, бир гана
Аллахка кайрылып, Анын алдында башын ийет жана Раббибизге жалбарат.
Коркуу менен үмүт арасында дуба кылуу
Куранда Аллахтын «...мээримдүүлөрдүн эң
мээримдүүсү...» (Анбия Сүрөсү, 83) экени билдирилет. Ошондой эле, Куранда ката
кылган адам Аллахтын кечиришин суранса, бүт күнөөлөрдүн кечирилээри айтылууда
(Ниса Сүрөсү, 110). Ошондуктан адамдар дубаларында Аллахтын «коргоочу жана
кечиримдүү» сыпаттарын ойлошу, үмүт ичинде дуба кылышы зарыл. Адамдын кетирген
каталары жана бул үчүн сезген абийир азабы канчалык чоң болсо да, Аллахтын
кечиримдүүлүгүнөн үмүт үзүшүнө себеп болбойт. Ошондой эле, адамдын ката
кетирүүдөн жана күнөө кылуудан улам ичине түшкөн маанайы анын үмүт ичинде дуба
кылышына тоскоол болбошу зарыл. Себеби Куранда каапырлардын гана Аллахтын
мээриминен үмүт үзөөрү айтылат:
«...
Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө. Себеби каапырлар коому гана Аллахтын
мээриминен үмүт үзүшөт.» (Йусуф Сүрөсү, 87)
Ошол эле учурда эч
кимдин сөзсүз бейишке ылайыктуу деген бир кепилдиги жок. Аллах Куранда «Шексиз
Раббилеринин азабынан ишенимде болууга болбойт» (Меариж Сүрөсү, 28) аяты аркылуу
бул чындык менен адамдарды эскерткен. Ошондуктан бүт адамдар Аллахтан мүмкүн
болушунча коркушу зарыл. Демек, сыноо үчүн дүйнөдөгү ар бир адам дайыма адашуу,
жаңылуу, шайтандын оюнуна алданып, Аллахтын жолунан кайтуу ыктымалы бар. Бул
багытта эч кимдин бир кепилдиги жок. Ошондуктан, адам дубасында бир тараптан
Аллахтын мээриминен үмүт кылса, экинчи тараптан Анын ыраазылыгын жоготуп
алуудан коркушу керек.
Чыныгы бир момунду
башка адамдардан айырмалаган эң маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири – бул Аллах
коркуусу. Себеби ишенбеген бир адамдын ою боюнча, тозоктун бар экени күмөндүү.
Момун болсо тозок коркунучун билет. Акырет күнүнө так далилдер менен
ишенгендиктен эң чоң коркууну жашайт. Ишенген жана Аллахка карата бой
көтөрүүдөн качынган адам гана мындай коркуу менен жүрөт. Азаптын чындык экенин
жана күчүн так билет. Мындай азапка туш болбош үчүн дүйнө жашоосунда риск болуп
саналган эч нерсеге жакындабайт. Акыреттеги ал чоң азаптан алыстоону жана
чексиз сулуулук менен тосуп алына турган бейишке татыктуу болууну каалайт.
Момундун акырет азабынан болгон коркуусу дубасына да чагылат.
Мына ушул себептен Куранда коркуу жана
үмүт сөздөрү бирге колдонулган. Эгер адам дубасында тозок коркуусун сезбей
жатса (мунун түбүндө Аллах коркуусунун аз болушу турат), анда сөзсүз тефеккүр,
б.а. терең ойлонуп түшүнүү жетишпей аткан болот. Адам бейишке жетүү үчүн
канчалык каалоо менен дуба кылып жатса, тозоктон кутулуу үчүн да ошончолук
каалоо менен дуба кылышы керек. Б.а. тозоктон коркуп, бейишке жетүүнү үмүт
кылышы зарыл. Мындай маанайды баяндаган аяттардын экөөсү төмөнкүчө:
Жер бетинде, аны оңдогондон кийин,
бузукулук чыгарбагыла; Ага коркуу жана үмүт менен дуба кылгыла. Чынында
Аллахтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын. (Аьраф Сүрөсү, 56)
Алардын
жаны (түнкү намазга туруу үчүн) төшөктөрүнөн алыс болот. Раббилерине коркуу
жана үмүт менен дуба кылышат жана аларга ырыскы катары бергендерибизден садака
кылышат. (Сажда Сүрөсү, 16)
Көрүнүп тургандай, коркуу жана үмүт –
бул Куранда баяндалган дубаны түзүүчү эки негизги сезим. Куран жакшылап анализ
кылынганда, ансыз деле бүт ибадаттарда, жана жашоонун ар бир көз ирмеминде бул
эки сезимдин абдан маанилүү экени оңой гана байкалат.
Бир жагдайды унутпаш керек, дуба бир
тараптан Аллахтын алдындагы чоң бир милдетибиз, экинчи тараптан болсо түбөлүк
жашообузду куткара турган бир себепчи. Себеби Куранда Аллахка дуба
кылбагандардын аягынын түбөлүк тозок азабы экендиги кабар берилген.
Силердин Раббиңер:
«Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат
кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет.
(Момун Сүрөсү, 60)
Аллахтын сыпаттарын эстөө менен дуба
кылуу
Аллахтын ысымдары бизге Анын сыпаттарын
билдирет. Мисалы, Аллах – Рахман, б.а. боорукер; Раб, б.а. тарбиялоочу жана жол
көрсөтүүчү; Хаким, б.а. өкүм берүүчү, бүт нерсенин кожоюну; Раззак, б.а. ырыскы
берүүчү... Бул ысымдар Аллахты тааныткандыктан, адам ушулар менен Раббибизге
кайрылып, Анын улуулугун, жакындыгын, кудуретин жана мээримин жакшыраак
түшүнөт. Аллахтан ырыскы сураган бир адамдын Анын Раззак ысымын эстеп дуба
кылышы, албетте, дубасынын маанисине туура болот. Куранда да Аллахка Анын ар
түрдүү ысымдары менен дуба кылууга мүмкүн экени кабар берилген:
Айткын:
«Аллах деп чакыргыла, «Рахман» деп чакыргыла, эмне деп чакырсаңар бир; эң сонун
ысымдар Ага тиешелүү.» Намазыңда үнүңдү көп катуу чыгарба, көп дагы акырын
чыгарба, ушул экөө арасында (орто) бир жолдо бол. (Исра Сүрөсү, 110)
Ысымдардын
эң сонуну Аллахка тиешелүү. Демек, Ага ушулар менен дуба кылгыла. Анын
ысымдарында «карама-каршылыкка (жана каапырдыкка) адашкандарды» жөн койгула.
Кылгандары үчүн жакында жазаландырылышат. (Аьраф Сүрөсү, 180)
Аллахтын сыпаттарын билген адам
каталарын Аллахтан жашырууга аракеттенбейт. Себеби жашырса да, ачыкка чыгарса
да, Аллахтын бүт нерсени билээрин түшүнүп турат. Каталарын жашыруунун өзүнө
зыяндан башка эч нерсе алып келбешин билген ыймандуу адам ар кандай кемчилик
жана каталары үчүн Аллахтын кечиришин суранат. Аз. Ибрахимдин бир дубасы да
төмөнкүчө башталат:
«Раббибиз,
шексиз Сен биздин жашыргандарыбызды да, ачыкка чыгаргандарыбызды да билесиң.
Жерде жана асмандагы эч нерсе Аллахтан жашыруун калбайт.» (Ибрахим Сүрөсү, 38)
Момун, каалоолору канчалык чоң болсо да,
бүт нерсенин Аллахтын башкаруусунда экенин, Аллах кааласа эч мүмкүн эместей
көрүнгөн бир нерсенин Анын «Бол» деши менен ишке ашаарын билет. Ошондуктан,
Аллахтын немат-жакшылыктарына жетүү үчүн эч нерсени күч жеткис бир тоскоолдук
катары көрбөйт. Тескерисинче, ар кандай кыйынчылыкты жана тоскоолдукту дубасы
менен жеңет.
Дуба – каалоо жана муктаждыктарыбызды
Аллахка угузуудан тышкары, Аллахты эстөөнүн жана улуктоонун бир жолу деп айткан
элек. Куранда өзгөчө пайгамбарлардын дубаларында Раббибиз сыпаттары менен
улукталууда. Төмөндөгү бир канча мисал муну көрүүгө жетиштүү:
(Сулайман)
Раббим, мени кечир жана менден кийин эч кимге насип болбогон бир мүлктү мага
тартуула. Шексиз, Сен акысыз тартуу берүүчүсүң. (Сад Сүрөсү, 35)
«Раббибиз,
бизди хидаятка (туура жолго) жеткирген соң жүрөктөрүбүздү адаштырба жана
Кабатыңдан бизге бир мээрим тартуула. Шексиз, кечирими эң көп болгон бир гана
Сенсиң.» (Али Имран Сүрөсү, 8)
(Муса
жалбарып) Айтты: «Раббим, мени жана бир тууганымды кечир, бизди мээримиңе ал.
Сен мээримдүүлөрдүн эң мээримдүүсүсүң.» (Аьраф Сүрөсү, 151)
Ал
жерде Закария Раббисине дуба кылды: «Раббим мага Кабатыңдан таптаза бир урпак
тартуула. Чынында Сен дубаларды угуучусуң» деди. (Али Имран Сүрөсү, 38)
Дубада калыптанып калган, монотондуу
сөздөрдөн
качынуу
Дуба дегенде эске адамдын Аллахты
эстеши, Аллахка кемчиликтерин мойнуна алышы, өзүнүн жана момундардын
муктаждыктарын угузушу келет. Бул үчүн болсо дубада Аллахка карата чын ыкластуу
бир услуп болушу зарыл.
Дубада монотондуу жана калыптанып калган
сөздөрдүн көп көп кайталанышынын жалгыз себеби – бул дубанын чын ыкластуу бир
ибадаттан алыстап, бир көнүмүш адат же салтка айланып калышы. Аллахтын
улуулугун сезген, Анын азабынан корккон жана ыраазылыгына жетүүнү каалаган адам
жүрөгүнөн келген чын ыкластуу сөздөрү менен Ага кайрылат. Ошол сыяктуу, өзүн
Аллахка тапшырган, дос жана жардамчы катары Аны кабыл алган адам ар кандай
кыйынчылыгын жана арыз-муңун Ага айтат. «...Мен адам чыдагыс муңумду жана
кайгымды бир гана Аллахка арызданып жатам...» (Йусуф Сүрөсү, 86) деген Аз.
Йакуб сыяктуу, бүт кыйынчылык жана каалоолорун Ага айтат, ар кандай жардамды
жана жакшылыкты Андан сурайт.
Дуба кылган адам мындай бир
ыкластуулукта эмес болсо жана дубаны аткарылышы керек болгон бир формалдуулук
же ишке ашышы белгисиз болгон бир ритуал сыяктуу гана көрүп жатса, албетте
калыптанып калган сөздөрдү колдонот. Маанисин эч түшүнбөгөн же жакшылап ойлонуп
көрбөгөн бир катар кооз сүйлөмдөрдү катары менен айтып, өз оюнда бир дуба
кылат. Мунун Куранда сүрөттөлгөн бир дуба эмес экени болсо апачык көрүнүп
турат.
Чынында болсо, дуба – бул адамдын Аллах
менен болгон чын ыкластуу байланышы. Ар бир адамдын көйгөйлөрү, каалоолору,
арзуулары, маанайы бири-биринен абдан айырмалуу. Дуба учурунда маанилүү нерсе –
бул сөздөр эмес, пенденин ошол учурдагы маанайы.
Куранда мисал катары көрсөтүлгөн дубалар
– бул пайгамбарлардын жана момундардын маанайын чагылдырган абдан чын ыкластуу
жана чын жүрөктөн Аллахка кайрылуулары.
Дубада шашмалыктан качынуу
Адам табиятынан шашма болуп жаратылган.
Табиятындагы мындай шашмалыгы жеңип кеткен учурларда иш-аракеттеринин
жыйынтыгын ойлонбостон бир нерселерди жасап жиберет. Ошондуктан Куранда «Адам
шашма болуп жаратылды. Силерге аяттарымды жакында көрсөтөмүн. Азыр шашпагыла»
(Анбия Сүрөсү, 37) деп билдирилген. Мындай шашмалык көбүнчө дүнүйөлүк
нематтарга жетүү каалоосунда көп байкалат.
Адам бейишти жана Аллахтын
немат-жакшылыктарын абдан каалайт. Мындай нематтардын окшошторунун бул дүйнөдө
да жаратылышынын себептеринин бири – бул бейиштин өзгөчөлүктөрүн жакшыраак
түшүнүүнү, бейишке болгон каалоонун көбөйүшүн камсыздоо. Бирок адам болсо бул
нематтарга болгон каалоосу жана шашмалыгы себебинен напсисинин каалоолорунун
ошол замат ишке ашышын каалайт. Адамдын мындай шашмалыгы көп жолу дубаларына да
чагылышы мүмкүн. Дуба кылганда, дубасынын ошол замат аткарылышын каалайт.
Дубасынын ишке ашышы бир аз кечиксе, «дуба да кылып жатам, бирок кабыл алынбай
жатат» деген сыяктуу такыр туура эмес бир пикирлерге келиши мүмкүн. Сабырсыздык
убакыттын өтүшү менен үмүтсүздүккө, ал тургай дубаны таштоого чейин алып барат.
Ал эми момун болсо ал үчүн эмненин жакшы
(кайырдуу) экенин эң жакшы Аллах билээрин билет. «...(Кээде) бир нерсени жаман
көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер
жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер
билбейсиңер» (Бакара Сүрөсү, 216) аяты адамга муну кабар берет. Ушул
себептен, адам Аллахтан бир нерсе сураганда, баарын Анын эркине коюшу керек,
Андан ар кандай шартка ыраазы болгон абалда сабыр менен күтүшү зарыл. Балким
дуба кылып сураган нерсеси ага бир пайда алып келбейттир, ушул себептен Аллах
муну бербей жаткандыр. Балким ал жакшылыкка жетиши үчүн белгилүү бир руханий
бышып жетилүүгө жетиши керектир, бул үчүн болсо белгилүү мөөнөт тарбияланышы
керек болгондур. Балким Аллах ага андан да жакшы башка бир жакшылык берет, анын
сабырын жана туруктуулугун сынап жаткандыр.
Булардын баары дуба кылган адамдын
дубасында сабырдуу жана чечкиндүү болушу, Аллахтын мээриминен эч үмүт үзбөшү
керек экенин көрсөтүүдө. Куранда да дубада сабырдуу болууга өзгөчө көңүл
бурулат:
Сабыр
жана намаз менен жардам сурагыла. Бул, албетте, кичипейил болгондордон башкалар
үчүн оор (бир жүк). (Бакара Сүрөсү, 45)
Куранда дуба кылып жатканда, чечкиндүү
болуу кеңеш кылынган. Дуба – бул бир ибадат, жана дубада сабыр кылуу дуба
кылган үчүн маанилүү. Сабыр менен дуба кылуу дубада айтылган каалоолорго болгон
муктаждыктын, же кыйынчылыктын, андан да маанилүүсү Аллахка болгон жакындыктын
өскөнүн көрсөтөт. Дубада сабырдуу болуу момунду бышырат, ага күчтүү бир эрк
жана кулк-мүнөз берет. Дубада сабырдуулук кылган бир момун дубасынын сыйлыгын сураган
нерселеринин көпчүлүгүнөн баалуу болгон, терең бир руханий маанайга (абалга)
жетүү менен алат.
Пайгамбарлардын көпчүлүгү Аллахка болгон
талаптарын кээде жылдар бою эч токтобостон дуба аркылуу билдиришкен, Аллах
болсо аларга сурагандарын кээде бир топ жылдардан кийин берген. Аз. Йакубдун
уулу Аз. Йусуфка жолугушу, Аз. Йусуфтун жылдар бою камалган зындандан кутулуп
күчкө жана бийликке жетиши, Аз. Аййубдун шайтан ага берген азаптан кутулушу,
булардын баары чоң сабыр мисалдары.
Аллах бул салих пенделеринин дубаларынын
жообун белгилүү бир мөөнөткө кечиктирүү менен аларга жакшылык каалаган, аларды
мунун урматында бышып жетилткен, тарбиялаган, бекемдик (туруктуулук) жана
ыкластуулугун күчтөндүргөн, аларды бейиште жогорку даражаларга ылайыктуу
пенделерге айланткан.
Ошондуктан, кылган бир дубасынын жообун
көрүү үчүн шашмалык кылуу бир момунга эч эч жарашпайт. Момундун жалгыз милдети
– бул Раббибизге кулчулук кылуу жана Аллах ал үчүн аныктап койгон тагдырга
ыраазы болуу. Ыкластуу бир момун дубасын ушул кулчулук (пенделик) вазыйпасынын
(милдетинин) бир бөлүгү катары кылышы керек.
Дуба бир гана дүнүйөлүк
немат-жакшылыктар
үчүн кылынбайт
Дуба кылып жатканда, бул дүйнөдөгү
жашообуз үчүн да сурашыбыз керекпи, же «бул дүйнөнү унутуп» бир гана акырет
жашоосун көздөшүбүз зарылбы?
Аллах ыкластуу момундар үчүн экөөсүн тең
кайырдуу көргөн. Албетте, бул дүйнө жашоосу бир күн бүтө турган абдан кыска бир
жашоо. Ар бир нематтын адамды Аллахка жакындатуу жана шүгүр кылышына себепчи
болуу ыктымалы бар. Бир нематты карап, бейиш жөнүндө ойлонуу мүмкүн, Аллахтын
сыпаттары эстелиши мүмкүн, Аллах даңкталышы мүмкүн. Мына ушул себептен Аллах
момундарга дүйнө жашоолору үчүн да, акырет жашоолору үчүн да дуба кылууларын
сунуш кылат. Дүйнө жашоосунун утурумдук кооздугун каалап, акыретти унутпашы үчүн
да аларды эскертет. Аяттарда мындайча буюрулат:
...
Адамдардын ушундайы бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө бер» дейт; анын акыретте
насиби жок. Алардын ушундайы да бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө да жакшылык
бер, акыретте да жакшылык (бер) жана бизди оттун азабынан сакта» дейт. Мына
ушулардын тапкандарына жараша насиптери бар. Аллах абдан жакшы эсептешүүчү.
(Бакара Сүрөсү, 200-202)
Адам өз дүйнөсүнө тиешелүү нерселерди
сурайт. Эмне үчүн жашап атса, аны эмне эң көп кызыктырса, эмнеге көбүрөөк
убакыт коротуп атса, дубасын да ошолор үчүн кылат. Аллах үчүн жашаган бир
адамдын максаты – Аллах андан каалагандарын аткарууга аракет кылуу. Ошондуктан
дубасы да ушул багытта болот.
Адамдын бул дүйнөгө тиешелүү каалоолору
ишке ашышы мүмкүн. Бирок булар, мурдараак да айтылгандай, ал үчүн ал ойлогондой
жакшылык (кайырдуу) болбошу мүмкүн. Акча сурайт. Бирок кийин акча анын
каапырдыгын көбөйтүүчү бир азгырык болушу ыктымал. Себеби материалдык нерселер
толук пут кылынып алган мындай чөйрөдө ал жолуккан жана жолуга турган бүт нерсе
жана дээрлик бүт адамдар толугу менен диндин талаптарына тескери келет.
Каалоо дүнүйөлүк бир каалоо жана анын
жообун бул дүйнөдө көрөт. Акыреттеги жообу болсо эч ал күтпөгөндөй болушу
ыктымал. Дүйнө жашоосунун өзүнө тарткан өзгөчөлүктөрүнүн кээ бирлери бир аятта
мындайча кабар берилет:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана
күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем
(күчтүү) арзуу инсандарга «сулуу жана өзүнө тартуучу» кылынды. Булар – дүйнө
жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын
кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)
Бул дүйнөдө мындай дүнүйөлүк каалоо жана
арзуулардын ишке ашышы адамга бир катар пайдаларды албетте алып келет. Бирок
дүйнөдөгү мындай пайдалар акырет үчүн бир кайып болушу ыктымал. Дүнүйөлүк
каалоолордун акырет үчүн да пайда алып келген тараптары бар. Буга эң сонун
пайгамбарлар мисал болот.
Бул куттуу адамдар дүйнө жашоосунун
утурумдук кооздугу болгон пайдаларды Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн гана
сурашкан. Булардын эң башкылары байлык, урпактын уланышы, коомдо белгилүү бир
статуска жетүү сыяктуу нерселер.
Пайгамбарлардын каалоолору толугу менен
Аллахты ыраазы кылууга багытталган. Эч бир пайгамбар балалуу болууну өзүнөн соң
атын уланта турган бир артыкчалык катары сураган эмес. Баланы алардан соң
ыймандууларга башчы болушу үчүн гана сурашкан.
Ал эми өз урпагынын уланышын бул дүйнөдө
бир мактануу үчүн каалаган бир адамдын мындай каалоосу акыретте өзүнө бир
жамандык болот. Себеби өзүнүн амбиция жана бой көтөрүү каалоосун канааттандыруу
үчүн гана муну каалаган жана бул каалоосу Аллахты эстешине тоскоол болгон.
Аллах бул каалоого бул дүйнөдө жооп берет, бирок акыретте насиби болбошу
мүмкүн.
Бир гана дүйнө нематтарын каалап дуба
кылуу бир момунга жарашпайт, ошондой эле, Аллахка карата чоң бир ыклассыздык
болот. Момундардын чыныгы максаты – бул бейиш. Дуба кылган адам эгер чындап
ыймандуу болсо, чыныгы мекени болгон бейишти унутуп, бүт дубасын утурумдук
жашап турган дүйнө жашоосунун нематтарына бурбашы керек. Аллахтан бул дүйнөдө
да, акыретте да жакшылык, сулуулуктарды сурашы зарыл.
Дубалар өзү үчүн эле эмес,
бүт момундар үчүн болушу керек
Караңгы коомдо адамдар мал-мүлк, байлык,
урпак, түгөй жана бейпилдиктин эң жакшысы менде болсун дейт. Жакын дос катары
белгилүү болгон адамдардын, ал тургай, туугандардын арасында да кызганычтыктан,
көз артуудан улам келип чыккан уруш-талаштарга жана адамдардын өзүнө атаандаш
катары көргөн бүт адамдарга зыян тийгизүүгө аракет кылганына көп жолу күбө
болобуз.
Ал эми Куранда сүрөттөлгөн момун моделин
жашаган адам болсо дүйнө жашоосундагы кооздуктарды да, акыреттеги нематтарды да
башка момундар менен бирге жашайт. Дүйнөдө нематтар чектүү болгондуктан,
буларды алар менен бөлүшүшү, кээде өз напсисинен кечип, бир тууганына бериши
керек болуп калат. Куранда момундун мүнөздөрү сүрөттөлүп жатканда, бул
өзгөчөлүккө атайын көңүл бурулат. Бир аятта мындайча буюрулат:
...Аларга берилген нерселер себептүү ичтеринде бир
муктаждык (каалоосу) сезишпейт. Өздөрүндө бир жетишпестик (муктаждык) болсо да,
өз напсилери ордуна (бир туугандарын) тандашат. Ким напсисинин «сараң жана
өзүмчүл каалоолорунан» сактанган болсо, дал ошолор – кутулууга жетишкендер.
(Хашр Сүрөсү, 9)
Момундардын бири-бирине болгон мындай
боорукердиги, бири-биринин жакшылыгы үчүн аракет кылышынын маанилүүлүгү
Курандын башка аяттарында да кайталанат:
Момун эркектер жана момун аялдар бири-биринин досу
(велиси). Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат, намазды туптуура кылышат,
зекетти беришет жана Аллахка жана Элчисине баш ийишет. Аллах аларга мээримин төгө
тургандар мына ушулар. Шексиз, Аллах – Улуу жана Күчтүү, Өкүм жана Хикмат Ээси.
(Тообо Сүрөсү, 71)
Момундар арасындагы кайрымдуулук,
албетте, дубаларына да чагылат.
Эң биринчиден көңүл бурган бир жагдай
бар, Курандагы момундар дубаларында Аллахка кайрылганда, көбүнчө «мен» эмес,
«биз» дешет. Б.а. дуба кылган бир момун Аллахтан каалаган бүт нерсесин бир гана
өзү үчүн эмес, бүт момундар үчүн суроодо. Албетте, адам өзү үчүн да Аллахка
дуба кылат. Ар кандай нематка жетүү үчүн, каталарынын оңдолушу үчүн, кыямат
күнү кор болуп, басмырланбашы үчүн, тозок азабынан кутулуу үчүн Аллахтан жардам
сурашы мүмкүн. Бирок, мындан тышкары, көп нерседе өзү үчүн сурагандарын, башка
момундар үчүн да сурашы – Куранда өрнөк кылынган бир мүнөз. Төмөндөгү бир канча
аят буга мисал:
«... Раббибиз, эгер унутсак же ката
кетирсек, бизди жазалаба. Раббибиз, бизге бизден мурункуларга жүктөгөндөй оор
ишти жүктөбө. Раббибиз, биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди
жүктөбө. Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл. Өзүң биздин
Кожоюнубузсуң. Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер. (Бакара Сүрөсү, 286)
«Раббибиз,
бизди хидаятка (туура жолго) жеткирген соң жүрөктөрүбүздү адаштырба жана
Кабатыңдан бизге бир мээрим тартуула. Шексиз, кечирими эң көп болгон бир гана
Сенсиң. Раббибиз, сөзсүз келе турган бир күндө адамдарды чынында Сен топтойсуң.
Чынында Аллах убадасынан кайтпайт.» (Али Имран Сүрөсү, 8-9)
«Раббибиз,
биз (Сенин) түшүргөнүңө ишендик жана элчини ээрчидик. Бизди күбөлөр (шахиддер) менен
бирге жаз.» (Али Имран Сүрөсү, 53)
Комментариев нет:
Отправить комментарий