четверг, 2 января 2014 г.

АЛЛАХТАН БАШКАГА ДУБА КЫЛЫНБАЙТ


Шерик кошуу, б.а. ширк, Аллахтан башка кудайларды тутунуу – Аллахка карата кылынган эң чоң кылмыш. Шерик кошуунун канчалык чоң бир кылмыш экени Куранда мындайча билдирилет:

Чынында Аллах Ага шерик кошулушун кечирбейт. Калган (күнөө)лөрдү болсо, каалаганын кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, чынында чоң бир күнөө менен жалаа жапкан болот. (Ниса Сүрөсү, 48)

Ширк жөнүндө маанилүү бир нерсени билүү керек: тарыхтын ар кайсы доорунда, биз жашап жаткан доордо да ширк абдан кеңири тараган. Көп адамдар мен шерик кошпойм, б.а. «Аллахтан башка кудай тутунбайм» деши мүмкүн, бирок ширк ичинде жашап жаткан болушу ыктымал. Себеби ширк Аллахтын сыпаттарын башка нерселерге таңуулоо дегенди билдирет. Ошондуктан, бир адам Аллахтан башкалардын ыраазылыгына жетүү үчүн, аларды ыраазы кылуу үчүн жашап жатса, башкалардан коркуп, башкалардан бир нерсе үмүт кылып жатса, анда ширк ичинде жашап жаткан болот.
Адамдар үчүн эң чоң коркунуч болгон ширктен коргонуу жолдорунун бири – бул Аллахка дуба кылуу. Себеби дуба кылган адам Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын, Анын алдындагы алсыздыгын, ага жардам бере тургандын бир гана Аллах экенин жана Андан башка сыйынууга татыктуу эч кимдин жок экенин кабыл алган болот. Ушул себептен, дуба момунду ширктен коргойт.
Куранда «Эй Пайгамбар, сага жана сени ээрчиген момундарга Аллах жетет» (Анфал Сүрөсү, 64) аятында айтылгандай, Мусулмандар жардам сурала турган жалгыз Заттын Аллах экенин билишет. Ал бүт нерседен жогору, чексиз кудурет ээси, бүт нерсени көрүүчү жана угуучу. Бүт кемчиликтерден аруу-таза жана чексиз кудурет ээси – бул Аллах. Ааламда бүт күч-кудурет Анын колунда. Демек, жардам жана кечирим, бүт баары Ага муктаж болгон, Өзү болсо эч нерсеге муктаж болбогон Аллахтан гана суралышы керек. Куранда Аллахтан башкага дуба кылуунун туура эмес экендиги жана дуба кылынуучунун бир гана Аллах экени көп аяттарда айтылат:

Аллах менен бирге башка бир кудайга жалынып-жалбарба, анан азапка туш болгондордон болосуң. (Шуара Сүрөсү, 213)

Башка аяттарда болсо Аллахтан башкага дуба кылгандардын абалы төмөнкүчө баяндалат:

Аллахтан башка жалынгандары эч нерсени жарата алышпайт, болгондо да алар жаратылып турушат. (Алар) Өлүк, тирүү эмес; качан тирилтилээрин биле алышпайт. (Нахл Сүрөсү, 20-21)

Ошондуктан, чын ыкластуу бир момун эч качан Аллахтан башкага дуба кылбайт. Бир гана Ага жалбарып, бир гана Андан жардам сурайт. Курандын алгачкы сүрөсү болгон Фатиха Сүрөсүндө, ушул себептен ыйман келтиргендерге төмөндөгү дуба үйрөтүлөт:

Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз. Бизди туура жолго сал; Аларга немат-жакшылык бергендериңдин жолуна. Наалатка калгандардын жана адашкандардын (жолуна) эмес. (Фатиха Сүрөсү, 4-7)


Момундардын милдети болсо – бул Аллахтын чексиз кудуретин ойлонуп-түшүнүү, бул кудуретке чын көңүлдөн моюн сунуу жана бир гана Андан жардам суроо. Антпесе, бул дүйнөдө да, акыретте да азап тартат. Бул – Аллахтын бир убадасы.

Комментариев нет:

Отправить комментарий