четверг, 2 января 2014 г.

КУРАНДА ПАЙГАМБАРЛАРДЫН ДУБАЛАРЫ


Куранда айтылган пайгамбарлардын баары белгилүү өзгөчөлүктөрү менен көңүл бурган коомдорго жөнөтүлүшкөн. Бул коомдор мурда аларга келген элчилерди жалганга чыгарышып, адашышкан жана барган сайын чектен чыгышкан коомдор эле. Пайгамбарлардын милдети болсо динди билбеген же билип туруп каапырчылыкка багытталган коомдорго акыйкат динди түшүндүрүү, аларды Аллахка чакыруу жана акыретке багыттоо эле.
Бул болсо абдан оор бир иш эле. Жалгыз бир адам адамдардын көпчүлүгүнүн ага каршы чыгып, реакция көрсөтөөрүн билип туруп, ошого чейин эч угулбаган же угулса да кабыл алынбаган акыйкат динди адамдарга жеткирүү үчүн милдеттендирилген эле. Болгондо да мындай кызмат алардын ээ болгон нерселерин жана ал тургай жашоосун коркунучка салган. Адамдар Аллахка чакырганы үчүн гана аны жек көрүп, ал тургай аны өлтүрүүгө аракет кылышы мүмкүн эле. Ага азап берип, ишенген сыяктуу көрүнүп чыккынчылык кылышы мүмкүн болгон. Пайгамбардын айланасындагы эч ким, ал тургай үй-бүлөсү да ага ишенбеши мүмкүн эле. Аллахтын алдында болсо жоопкерчиликте эле. Бул сөзсүз аткарылышы керек болгон, чоңдугу жана мааниси абдан чоң бир жоопкерчилик эле. Адамдардын динди үйрөнүп-үйрөнбөшү жана үйрөнгөнү аркылуу бейишке татыктуу болуп-болбошу пайгамбардын мойнунда эмес эле. Анын жалгыз милдети – бул динди түшүндүрүп-жеткирүү болгон.
Бул дүйнөдө биз билген эч нерсеге окшобойт. Жалгыз бир адамдын чоң бир коомго карата мындай кызматты башташы абдан оор бир жумуш.
Бирок, албетте, абал сырттан карагандар үчүн ушундай, негизи бүт нерсенин үстүндө кожоюн болгон – Аллахтын күчү. Мындай учурда каапырлардын саны же күчү маанилүү бир фактор эмес. Пайгамбарлардын баары бул чындыкты билип иш-аракетин кылышкан, моюндарындагы бул милдетти Аллахка болгон ишенимдери менен толук аткарышкан. Аллах пайгамбарлардын мындай жогорку мүнөздөрүн аяттарында мактоодо. Куранда билдирилгендей, Аллахтын жардамы дайыма ишенгендерге жана Аллах пайгамбарларын адамдардын зулумдугунан коргойт. Куранда Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммеддин (сав) хижрат (көч) учурунда башынан өткөргөн бир коркунуч жөнүндө сөз кылынганда, бул чындык мындайча баяндалат:

Силер Ага (пайгамбарга) жардам бербесеңер, Аллах Ага жардам берген. Каапырлар экөөнүн бири абалда Аны (Меккеден) чыгарышкан эле; экөөсү үңкүрдө турушканда курдашына мындай деген эле: «Кайгырба, албетте Аллах биз менен бирге.» Ушундайча Аллах Ага «бейпилдик жана ишеним сезимин» түшүргөн эле, Аны силер көрбөгөн ордолор (аскерлер) менен колдоп, каапырлардын сөзүн (каапырчылыкка чакырыктарын) төмөн кылган эле. Чындыгында Аллахтын сөзү – Улук. Аллах улуу жана күчтүү, өкүмдар жана даанышман. (Тообо Сүрөсү, 40)

Пайгамбарлар Куранда Аллахка болгон ар кандай шарттагы чын жүрөктөн жакындыгы менен өрнөк көрсөтүлүшкөн:

Ант болсун, силер үчүн, Аллахты жана акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп эстегендер үчүн Аллахтын Элчисинде сонун өрнөктөр бар. (Ахзаб Сүрөсү, 21)

Жалгыз Аллахтан гана суранышкан. Аларга пайгамбарлык милдети берилген соң жалгыз аракети бул милдетти аткаруу жана коомдорун Аллахка чакыруу болгон. Каалоолору да, албетте, максаттарындай болгон. Чын ыкластан, кошумчасыз дуба өрнөктөрүн мына ушул себептен пайгамбарларда апачык көрө алабыз.
Ушул себептен китептин мындан кийинки бөлүгүндө Куранда үйрөтүлгөн пайгамбар дубаларын карайбыз.

Аз. Нухтун дубалары
Куранда көп жылдар бою өрнөк боло турган бир чечкиндүүлүк менен коомун таухид (жалгыз Кудай) динине чакырган Аз. Нухтун сабыры мактоо менен сөз кылынат. Аз. Нух ага жана жанындагы момундарга душмандык кылган коомуна каршы чечкиндүүлүк менен күрөшкөн. Аз. Нухтун ар кандай шартта Аллахка кайрылышы, Анын жардамын үмүт кылып, чын ыкластан дуба кылышы болсо момундар үчүн бир өрнөк. Аз. Нух өз жагдайын Аллахка айткан жана мындайча дуба кылган:

Аягында Раббисине дуба кылды: «Чынында мен жеңилген абалдамын. Эми Сен (бул каапыр коомдон) өч ал.» (Камер Сүрөсү, 10)

Башка бир сүрөдө Аз. Нухтун Аллахка дубасы төмөнкүчө кабар берилет:

Нух: «Раббим, жер бетинде каапырлардан мекен туткан эч кимди калтырба» деди. «Себеби Сен аларды калтырсаң, Сенин пенделериңди адаштырып-азгырышат жана алар жамандыкта чектен чыккан (фажирден) каапырдан башкасын төрөшпөйт. Раббим, мени, энемди, атамды, момун абалда үйүмө киргенди, ыйман келтирген эркектерди жана ыйман келтирген аялдарды кечир. Заалымдарга кыйроону гана көбөйт.» (Нух Сүрөсү, 26-28)

Аллах Аз. Нухтун бул дубасын кабыл кылган жана келечекте боло турган топон сууга даярдык көрүшүн буйрук кылган. Аз. Нух жакын жерде эч кандай бир деңиз же көл жок болсо да, Аллахтын буйругуна ылайык чоң бир кеме жасап баштаган. Кеме жасап жаткан учурда коому болсо аны шылдыңдоону улантышкан. Бул Куранда мындайча кабар берилет:

Кемени жасап жаткан. Коомунун алдыңкылары ага жолуккан сайын Аны шылдыңдап жатышкан. Ал: «Эгер бизди шылдыңдасаңар, (силер) шылдыңдаган сыяктуу биз да силерди шылдыңдайбыз» деди. (Худ Сүрөсү, 38)

Бирок Аз. Нух, коомунун бүт басымдарына карабастан, Аллахтын буйругуна ылайык кемени жасай берген. Жана аягында Аллахтын убадасы келип, топон суу каптаган:

Биз чыныдан куюлгандай аккан бир суу менен асмандын эшиктерин ачтык. Жерди болсо күчтөнгөн булактар абалында атырылттык. Ошентип суу буйрук кылынган бир жумуш үчүн бирикти. Жана аны болсо тактайлар жана мыктар (менен курулган кеме) үстүндө ташыдык. (Камер Сүрөсү, 11-13)

Топон суу учурунда чөккөндөрдүн бири – Аз. Нухтун уулу. Аз. Нух топондон мурда уулун кемеге чакырат, бирок уулу атасынын бул чакырыгын кабыл албайт (Худ Сүрөсү, 43). Куранда Аз. Нухтун уулунун өлүмү жөнүндө Аллахка мындайча кайрылганы кабар берилет:

Нух Раббисине кайрылды: «Раббим, шексиз, менин уулум үй-бүлөмдөн жана Сенин убадаң да чынында акыйкат. Сен эң Даанышмансың» деди. (Аллах) Айтты: «Эй Нух, ал эч сенин үй-бүлөңдөн эмес. Себеби ал ыкластуу эмес бир иш (кылды). Демек билбеген нерсеңди Менден суранба. Чынында Мен караңгылардан болбосун деп сага насаат берүүдөмүн.» (Худ Сүрөсү, 45-46)

Аз. Нух коомунун кыйратылышы үчүн дуба кылып жатканда, «момун катары үйүнө киргендердин» корголушун суранган. Ал эми Нухтун уулу болсо ыйман келтирген эмес. Куранда Аз. Нухтун Аллахка аны кечириши үчүн мындайча дуба кылганы кабар берилет:

«Раббим, маалыматым болбогон нерсени Сенден сурануудан Сага корголоном. Жана эгер мени кечирбесең жана мага боорукердик кылбасаң, кыйрагандардан боломун» деди. (Худ Сүрөсү, 47)

Аз. Ибрахимдин дубалары
Учурда миллиондогон адам ажылык милдетин аткаруу үчүн зыярат кылган Каабаны курган Аз. Ибрахим Куранда «жалгыз башына бир үммөт» деп таанытылат. Ал жана уулу Аз. Исмаил мындан миңдеген жыл мурда, Аллахтын вахийи менен, адамдар чогула турган жана Аны зикир кыла турган, жылдын белгилүү мезгилдеринде ал жерге ажылыкка бара турган бир үй курушкан. Бул үйдүн Курандагы аты Кааба. Экөө муну бир ибадат катары кылышкан, жана андан соң мындайча дуба кылышкан:

Ибрахим, Исмаил менен бирге Үйдүн (Каабанын) дубалдарын көтөргөндө (экөөсү мындай дуба кылышты): «Раббибиз бизден (муну) кабыл кыл. Шек жок, Сен угуучу жана Билүүчүсүң». (Бакара Сүрөсү, 127)

Кааба курулган жер акырындап өнүккөн жана учурда Мекке деп аталган шаар абалына келген. Аз. Ибрахим ал жер үчүн Аллахка мындайча дуба кылган:

Ибрахим: «Раббим, бул шаарды бир коопсуз мекен кыл жана калкынан Аллахка жана акырет күнүнө ишенгендерге түшүмдөр менен ырыскы бер» деген эле, (Аллах: «Ишенгендерди гана эмес) каапырдык кылганды да бир аз мөөнөт пайдалантам, кийин аны оттун азабына салам; ал кандай жаман орун» деген. (Бакара Сүрөсү, 126)

Аз. Ибрахим жана уулу Исмаил дубаларында өздөрү жашаган доор үчүн эле эмес, алардан кийин келе турган урпактар үчүн да кээ бир каалоолорун билдиришкен:

Раббибиз, экөөбүздү Сага баш ийген (Мусулмандар) кыл жана урпагыбыздан Сага баш ийген (Мусулман) бир үммөт (бер). Бизге ибадат жолдорун (жер жана эрежелерин) көрсөт жана тообобузду кабыл кыл. Шек жок, Сен – тооболорду кабыл кылуучу жана коргоочусуң. Раббибиз, араларынан аларга бир элчи жөнөт, аларга аяттарын окусун, китепти жана хикматты үйрөтсүн жана аларды (күнөөлөрдөн) тазаласын (кайтарсын). Шек жок, Сен күчтүү жана үстөмдүк ээсисиң, өкүм жана хикмат ээсисиң. (Бакара Сүрөсү, 128-129)

Аз. Ибрахимдин башка бир дубасында Аллахка жакындоо жолдорун издегени мындайча кабар берилген:

Ибрахим: «Раббим, мага өлүүлөрдү кандайча тирилткениңди көрсөт» деп айткан эле. (Аллах ага:) «Ишенбей жатасыңбы?» дегенде, «Жок (ишендим), бирок жүрөгүм канааттанышы үчүн» деди. «Андай болсо төрт канаттуу ал. Аларды өзүңө үйрөт, кийин аларды (майдалап) ар бир бөлүгүн бир тоонун үстүнө кой, кийин аларды чакыр. Сага ылдам келишет. Билгин, шексиз Аллах – улук жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси.» (Бакара Сүрөсү, 260)

Аяттан да апачык көрүнүп тургандай, Ибрахим Пайгамбардын Аллахтан өлүүлөрдү кантип тирилтээрин көрсөтүшүн суранышы ыйманындагы бир алсыздыктан улам эмес эле. Тескерисинче, ыйман келтирген эле, бирок ыйман келтирген чындыкты толук түшүнгүсү келген эле. Ал абдан чын ыкластуу жана чын жүрөктөн Аллахтын бир кереметине күбө болгусу келген, жана Аллах бул чын ыкластуу дубага жооп берген.
Аз. Ибрахимдин атасы бир путпараст (идолдорго сыйынуучу) эле. Ал атасына динди айтып берген, бирок атасы ыйман келтирүүнү кабыл алган эмес эле. Ибрахим Пайгамбар болсо атасы үчүн Аллахтын кечиришин суранган:

(Ибрахим:) «Сага салам болсун, сен үчүн Раббимден кечиришин тиленем, себеби Ал мага абдан берешен» деди. «Силерден жана Аллахтан башка сыйынгандарыңардан (алыска) кеттим жана Раббиме дуба кыламын. Раббиме дуба кылуу менен бактысыз болбостурмун.» (Мерйем Сүрөсү, 47-48)

Аз. Ибрахимдин атасы бир момун болбосо да, ал үчүн Аллахка дуба кылышынын чыныгы себеби болсо Куран аяттарында төмөнкүдөй кабар берилген:

Аларга чындап алардын алоолонгон оттун достору экени билдирилген соң, жакындары болсо да, мушриктер үчүн кечирүү суранышы Пайгамбарга жана ыйман келтиргендерге жарашпайт. Ибрахимдин атасы үчүн кечирүү сурашы – ага берген бир сөзү (убадасы) үчүн гана эле. Ага анын чынында Аллахка душман экени билдирилгенде, андан алыстады. Чынында Ибрахим абдан сезимтал, жумшак мүнөздүү эле. (Тообо Сүрөсү, 113-114)

Учурда миллиондогон адамдар зыярат кылган Харам Мечитине, б.а. Каабага биринчи жайгашкан Аз. Ибрахим дубасынын уландысында балдары Исмаил, Исхак жана бүт момундар үчүн төмөнкү нерселерди сураган:

«Раббибиз, чынында мен балдарымдын бир бөлүгүн Байтул Харам жанында эгини (даны) жок бир өрөөнгө жайгаштырдым; Раббибиз, намазды туптуура кылышсын деп (ушундай кылдым), ошентип Сен адамдардын бир бөлүгүнүн жүрөктөрүн аларга жакын кыл жана аларга бир катар түшүмдөр менен ырыскы бер. Шүгүр кылышаар. Раббибиз, шексиз Сен биздин жашыргандарыбызды да, ачыкка чыгаргандарыбызды да билесиң. Жерде жана асмандагы эч нерсе Аллахтан жашыруун калбайт. Мактоолор Аллахка тиешелүү, Ал мага улгайганыма карабастан Исмаилди жана Исхакты тартуу кылды. Шексиз, Раббим чынында дубаны угуучу. Раббим, мени намазы(ңда) туруктуу кыл, урпактарымды да. Раббибиз, дубамды кабыл кыл. Раббибиз, сурак күнү мени, эне-атамды жана момундарды кечир.» (Ибрахим Сүрөсү, 37-41)

Көрүнүп тургандай, Аз. Ибрахим дубасында Аллахтын сыпаттарын санап, Ага шүгүр да кылууда. Андан сураган нерселери да – аны Аллахка жакындата турган, акыретте кечирилишине себепчи боло турган каалоолор.

Аз. Луттун дубалары
Куранда «өкүм жана илим» берилген пайгамбар катары сөз кылынган Аз. Лут Нух Пайгамбар сыяктуу коомуна көп жылдар бою акыйкат динди түшүндүрүп берген. Бирок Аллахтын чегинен чыгып, гомосексуалдык байланыштарды кылган коомунун Аз. Лутка жообу дайыма терс болгон:

Лут да коомуна мындай деген эле: «Силерден мурда ааламдардан эч ким кылбаган уятсыз-жамандыкты кылып жатасыңарбы?» «Чынында силер аялдарды коюп, каалоо менен эркектерге жакындап жатасыңар. Чынында силер чектен чыккан (адашкан) бир коомсуңар.» Коомунун жообу: «Мекениңерден сүрүп-чыгаргыла буларды, себеби булар абдан таза адамдар экен!» деген сөз гана болду. (Аьраф Сүрөсү, 80-82)

Луттун коому Аллахтын элчисин танып гана тим болбостон, ага каяша айтып, талашышкан. Аз. Лут болсо коомун көп убакыт бою таухид динине чакырган, кандайдыр бир оң жооп ала албаган соң Аллахка мындайча дуба кылган:

«Раббим, бузукулук чыгарган (бул) коомго каршы мага жардам бер» деди. (Анкебут Сүрөсү, 30)

Аз. Луттун дубасын Аллах кабыл алды жана Аллахтын элчисине баш көтөргөн Лут коому кыйратылды:

Шексиз Биз, бузукулук кылгандыгы үчүн, бул өлкө калкына асмандан жийиркеничтүү бир азап түшүрөбүз.» Ант болсун, Биз акыл жүгүртө алган бир коом үчүн ал жерде апачык бир аят калтырдык. (Анкебут Сүрөсү, 34-35)

Бул мисалдан көргөндөй, дуба бир гана адамдардын жакшылыгы, дүйнө жана акырет бакубаттыгы үчүн болбошу мүмкүн. Аллахтын чегинен чыккан, момундарга зулумдук кылган коомдордун кыйратылышы үчүн көп пайгамбарлар дуба кылган. Аз. Луттун дубасы буга бир мисал.

Аз. Аййубдун дубалары
Куранда төрт жерде Аз. Аййуб жөнүндө айтылат жана анын сабыры момундарга өрнөк көрсөтүлөт. Аллахтан вахий алган тандалган бир кул болгон Аз. Аййуб (Ниса Сүрөсү, 163) олуттуу бир ооруга чалдыгып, азап тарткан. Бирок ар кандай оор шарттарда да дайыма сабыры жана Аллахка болгон ишеними менен алдыга чыккан. Аллах анын мындай мүнөзүн момундарга өрнөк катары көрсөтөт:

... Чынында Биз анын сабыр кылуучу экенин көрдүк. Ал кандай сонун кул (пенде) эле. Себеби ал (дайыма Аллахка) кайрылган адам эле. (Сад Сүрөсү, 44)

Аз. Аййуб оорудан сырткары, шайтандын терс азгырыктарына да туш болгон. Бирок Аз. Аййуб бул кыйынчылыгын чын ыкластан Аллахка ачкан жана Андан жардам сурап, дуба кылган:

Пендебиз Айубду да эстегин. Ал: «Шайтан мага оор бир кыйноо жана азап жеткирди окшойт» деп Раббисине кайрылган эле. (Сад Сүрөсү, 41)

Башка бир аятта Аз. Аййубдун чын жүрөктөн болгон дубасынан мындайча сөз болот:

Жана Айубду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян (жана оору) курчап алды. Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуураагысың.» деп дуба кылды. (Анбия Сүрөсү, 83)

Аллах, албетте, бул ыкластуу пендесинин дубасына жооп берген. Аллахтын Аз. Аййубга берген жообу аяттарда мындайча баяндалат:

Анан Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат ирээтинде жана (сабырдуу) ибадат кылуучуларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик. (Анбия Сүрөсү, 84)

Аллах адамдарды ар кандай жолдор менен сыноодо. Аллахтын ыкластуу пенделеринин бири болгон Аз. Аййуб болсо күчтүү бир кыйынчылык менен сыналган. Ушул сыяктуу кыйынчылыктар дүйнөдөгү сыноо чөйрөсүндө башка момундардын башына да келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай абалда калган бир момун, Аз. Аййуб мисалындагы сыяктуу, сыноонун түрү жана мөөнөтү кандай гана болбосун, Аллахтын адамга көтөрө албаган бир жүктү жүктөбөшүн билиши зарыл.

Аз. Йусуфтун дубалары
Аз. Йусуф кыссасы (баяны) дуба жөнүндө момундар үчүн сонун өрнөктөргө толо. Аз. Йусуф, жолуккан ар кандай кыйынчылыкка карата тобокелдүү жана баш ийүүчү мамилеси менен, Аллахка болгон бекемдиги менен күчтүү, бекем бир ыймандын бүт алааматтарын көрсөткөн.
Аз. Йусуф жана атасы Аз. Йакубга келген кыйынчылыктар кичинекей жаштагы Аз. Йусуфтун бир туугандары тарабынан кудукка ташталып, бир бөрү жеп кеткен сыяктуу көрсөтүлүшү менен башталат. Бирок Аз. Йакуб абдан жакшы көргөн баласына келген бул окуяда Аллахка болгон баш ийүүчүлүгүн сактайт:

Жана үстүнө жалган кан болгон (сүртүлгөн) көйнөгүн алып келишти. «Жок» деди. Напсиңер силерди жаңылтып (ушундай) бир ишке түртүптүр. Мындан соң (менин милдетим) жакшы бир сабыр. Силердин мындай түзгөн (план)ыңарга карата бир гана Аллахтан жардам суроо керек. (Йусуф Сүрөсү, 18)

Аяттан да көрүнүп тургандай, уулунун кандуу көйнөгүн көргөн Аз. Йакуб чыныгы бир момун мамилесин кылып, эң туура мамиленин «сабыр, тобокел жана дуба» экенин айтат. Кудукка ыргытылып, өлүмгө ташталган Аз. Йусуф бир керемет катары жолдон өтүп бараткан бир кербен тарабынан табылат. Аны тапкан кербен аны акчага сатуу чечимин алып, жанына алып алышат.
Андан соң кул катары алдыңкы бир Египеттикке сатылган Аз. Йусуфка жетилген кезде Аллах «илим жана хикмат» (Йусуф Сүрөсү, 22) берет.
Аны сатып алган Египеттиктин аялы, аятта билдирилгендей, аны менен болгусу келет. Муну кабыл албаган Аз. Йусуфту түрмөгө каматам деп коркутат. Ошондо Аз. Йусуф мындайча дуба кылат:

(Йусуф:) «Раббим, зындан булар мени чакырган нерседен мен үчүн сүйкүмдүүрөөк. Булардын ойлорун (пландарын) менден алыстатпасаң, аларга жибип, (ошентип) караңгы-наадандардан болуп каламын (деп коркомун)» деди. (Йусуф Сүрөсү, 33)

Аятта көрүлгөндөй, Аз. Йусуф дубасында жагдайын чын ыкластан мойнуна алган. Андан соң түрмөгө ташталган Аз. Йусуф зынданда жанындагыларга динди түшүндүрүп баштайт:

«Эй зындан досторум, өз-өзүнчө болгон (бир топ) Раббилер жакшыбы, же каххар болгон жалгыз Аллахпы? Силер Аллахтан башка сыйынгандарыңар (кудай тутканыңар) – Аллах алар жөнүндө эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана аталарыңар ат коюп алган нерселер гана. Өкүм бир гана Аллахка тиешелүү. Ал Өзүнөн башкага кулчулук кылбагыла деп буйрук кылды. Туптуура дин мына ушул, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт. (Йусуф Сүрөсү, 39-40)

Көп жыл бою ал жерде жаткан соң, Египеттиктин аялынын да Аз. Йусуфтун күнөөсүз экенин айтышы натыйжасында Аз. Йусуф зындандан чыгарылган (Йусуф Сүрөсү, 51-54).
Бүт мындай кыйынчылыктардан соң Аз. Йусуфтун дубасы кабыл алынат жана кудукка ташталуу менен башталган окуялар өлкөнүн бийлигинде сөзү өткөн адам болушу менен уланат:

Мына ушинтип, Биз жер жүзүндө Йусуфка күч-кубат жана мүмкүнчүлүк (бийлик) бердик. Ал жерде (Мисирде) каалаган жерде жашады... (Йусуф Сүрөсү, 56)

Ушундайча, бийликке жеткен Аз. Йусуф аны зындандан чыгарып, казынанын башына алып келген Аллахка шүгүр кылат жана дүйнөдө Мусулман бойдон өлүү жана акыретте да салихтер (ыкластуулар) менен бирге болуу үчүн дуба кылат:

«Раббим, Сен мага мүлктөн (бир үлүш жана аны башкаруу мүмкүнчүлүгүн) бердиң, сөздөрдү жоромолдоодон (бир илим) үйрөттүң. Асмандардын жана жердин Жаратуучусу, дүйнөдө жана акыретте менин велим (досум) – Сенсиң. Мени Мусулман кылып жанымды ал жана мени салихтердин (ыкластуу пенделериңдин) катарына кош.» (Йусуф Сүрөсү, 101)

Аз. Шуайбдын дубалары

Медйен жана Эйке калкына пайгамбар кылып жөнөтүлгөн Аз. Шуайб Аллах койгон чектерден чыккан коомун ыйманга чакырган эле (Аьраф Сүрөсү, 85). Медйен калкынын Аз. Шуайбга берген жообу Нух жана Лут коомдорунун жоопторунан башкача болгон жок. Аз. Шуайбдын айткандарын кабыл албаган коом аны жана башка момундарды жашап жаткан мекендеринен сүргүн кылабыз деп коркутушту:

Коомунун алдыңкыларынан бой көтөргөндөр (текеберленгендер мындай) дешти: «Эй Шуайб, сени жана сени менен бирге ыйман келтиргендерди же өлкөбүздөн сүрүп-чыгарабыз же сөзсүз биздин динибизге кайра кайтасыңар...» (Аьраф Сүрөсү, 88)

Аз. Шуайб болсо Медйен калкынын кайдыгерлиги жана коркуткан мамилесинен Аллахка тобокел кылып, Ага дуба кылды:

Аллах бизди андан куткарган соң кайрадан силердин диниңерге кайтсак, Аллахка карата жалган доомат кылган болобуз. Раббибиз болгон Аллах каалабаса эле, ага кайра кайтышыбыз биз үчүн эч мүмкүн эмес. Раббибиз бүт нерсенин илимин билүүчү. Биз Аллахка тобокел кылдык. «Раббибиз, биз менен коомубуз арасында Сен акыйкаттык менен өкүм бер, Сен өкүм берүүчүлөрдүн эң жакшысысың.» (Аьраф Сүрөсү, 89)

Аягында Лут жана Нух коомунун башына келген окуялар Медйен калкынын да башына келди. Аз. Шуайбдын дубасына жооп катары Аллах Өз өкүмүн берди жана Аллахтын элчисин тааныбаган коом кыйратылды:

Анан алар эч чыдагыс бир чайпалууга (жер титирөөгө) кабылышып, өз мекендеринде таңды тизелеп чөгөлөгөн абалда тосушту. Шуайбды жалганга чыгаргандар эч ал жерде бейпилдик ичинде жашабаган сыяктуу болушту. Шуайбды жалганга чыгаргандар чыныгы чоң кыйроого туш болушту. (Аьраф Сүрөсү, 91-92)

Аз. Сулаймандын дубалары
Аз. Сулаймандын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул чоң бир күч жана бийликке ээ болушу эле. Ага бир катар жогорку жөндөмдүүлүктөр да берилген эле. Аз. Сулайманга берилген мындай жогорку жөндөмдүүлүктөр арасында жиндерди башкаруу, ал тургай, жаныбарлар менен сүйлөшүү да бар эле. Аз. Сулаймандын жаныбарлардын сөзүн түшүнүшү Куран аяттарында мындайча кабар берилет:

Сулайман Давудга мураскор болду жана: «Эй адамдар, бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана бизге бүт нерседен (көп бир немат) берилди. Чынында бул апачык бир жогорулук» деди. (Немл Сүрөсү, 16)

Ага берилген артыкчылыктар үчүн Аллахка шүгүр кылган Аз. Сулаймандын дубасы болсо төмөнкүдөй:

... Раббим, мага, апа жана атама берген нематыңа (жакшылыгыңа) шүгүр кылууну жана (Сен) ыраазы боло турган бир амалды (иш-аракет) кылуумду илхам кыл жана мени мээримиң менен салих кулдарың арасына кош. (Немл Сүрөсү, 19)

Аллах Аз. Сулайманга кээ бир өзгөчө жөндөмдөрдөн тышкары көп материалдык мүмкүнчүлүктөр да берген эле. Аз. Сулайман болсо бул байлыктар үчүн Ага дайыма шүгүр кылып, мындайча дуба кылган:

Раббим, мени кечир жана менден кийин эч кимге насип болбогон бир мүлктү мага тартуула. Шексиз, Сен акысыз тартуу берүүчүсүң. (Сад Сүрөсү, 35)

Мурдакы бөлүмдөрдө дубанын бир гана жеке жана дүнүйөлүк каалоолор үчүн болбошу керек экенин айткан элек. Аз. Сулаймандын «эч кимге насип болбогон бир мүлк» сурашы дүнүйөлүк бир каалоо эмес, негизи акыретти көздөгөн бир каалоо. Анын «...чынында мен мал-мүлк сүйүүсүн Аллахты зикир кылуу (эстөө) үчүн тандадым...» (Сад Сүрөсү, 32) деп айтканы аяттарда кабар берилет.
Эгер бир адам колундагы материалдык мүмкүндүктөрдү Аллах ыраазылыгы үчүн колдонуп, бул мүмкүндүктөр аны Аллахка жакындатып, Аллахты эстешине себепчи болуп жатса, анын дүйнө нематтарын суроодо тартынышынын кажети жок. Себеби бул нематтар аны акыретке жакындата турган бир себепчиге айланган болот.

Аз. Закариянын дубалары
Курандын үч сүрөсүндө Аз. Закариянын дубалары айтылат. Жашы өтүп калган Аз. Закария өзүнөн кийин коомунун ичинде ыйманды сакташы үчүн Аллахтан бир мураскор сураган. Өзү балалуу болуу үчүн абдан улгайган, аялы болсо төрөбөс болгондуктан, мураскору жок болгон жана Аллахка дуба кылган:

Ал Раббисине жашыруун кайрылганда: «Раббим, шексиз менин сөөктөрүм бошошту жана карылыктан чачтарым агара баштады; мен сага дуба кылуу менен бактысыз болгон жокмун. Чынында мен менден соң келе турган жакындарым үчүн коркуп жатам, менин аялым болсо төрөбөс (аял). Эми мага Өз Кабатыңдан бир жардамчы тартуу кыл. Мага мураскор болсун. Йакуб урпактарына да мураскор болсун. Раббим, аны ыраазы болунган(дардан) кыл» деген эле. (Мерйем Сүрөсү, 3-6)

Ал жерде Закария Раббисине дуба кылды: «Раббим, мага Кабатыңдан таптаза бир урпак тартуу кыл. Чынында Сен дубаларды угуучусуң» деди. (Али Имран Сүрөсү, 38)

Закария да Раббиңе кайрылган эле: «Раббим, мени жалгыз калтырба, Сен мураскорлордун эң жакшысысың.» (Анбия Сүрөсү, 89)

Аятта Аз. Закариянын Аллахка жашыруун кайрылганы билдирилүүдө. Бул ыкластуулуктун эң чоң көрсөткүчтөрүнүн бири. Аллах Ага ушундай бир ыкластуулук менен кайрылган Аз. Закариянын дубасын кабыл алган:

Анын дубасына жооп бердик, ага Яхьяны тартуу кылдык, аялын да төрөй алган (аял) кылдык. Чынында алар жакшылыктарда жарышышчу, үмүт жана коркуу менен Бизге дуба кылышчу. Бизге терең урмат көрсөтүшчү. (Анбия Сүрөсү, 90)

(Аллах буйурду:) «Эй Закария, шексиз Биз сени аты Яхья болгон бир бала менен сүйүнчүлөйбүз; Биз мындан мурда ага эч кимди адаш кылган эмеспиз». (Мерйем Сүрөсү, 7)

Ал мээрапта намаз кылып жатканда, периштелер ага кайрылды: «Аллах сага Яхьяны сүйүнчүлөйт. Ал Аллахтан болгон бир сөздү (Исаны) тастыктоочу, мырза, барктуу жана салихтерден бир пайгамбар.» (Али Имран Сүрөсү, 39)

Аяттардын уландысында билдирилгендей, Аз. Закария Аллахтын дубасына ылайык улгайган жашына карабастан, ага бир эркек бала берээрине таң калат. Ага сүйүнчү кабарды алып келген периште болсо ага Аллахтын Кудуретин эстетет:

«Раббим, аялым төрөбөс (бир аял) болсо, мен кандайча балалуу болушум мүмкүн? Өзүм болсо абдан улгайдым» деди. (Ага келген периште:) «Мына ушундай» деди. «Раббиң айтты: Бул Мен үчүн оңой, мурда сен эч нерсе эмес (жок) кезиңде сени жаратканмын.» (Мерйем Сүрөсү, 8-9)

Мурдакы бөлүмдөрдө Аллахтын ыкластуу пенделеринин дубаларына алар үчүн эң жакшы (кайырдуу) боло турган абалда жооп берээрин айткан элек. Жана Аллахтын чын жүрөктөн кайрылган ыймандуулардын жалгыз досу жана жардамчысы экенин да айтканбыз. Аллах балалуу болушу эч мүмкүн эместей көрүнгөн Аз. Закарияга да ыкластуу дубасына жооп берүү менен, ыкластуу бир бала тартуу кылган.

Аз. Йунустун дубалары
Куранда Аз. Йунустан мындайча сөз кылынат:

Шексиз, Йунус да жөнөтүлгөн (элчи)лерден эле. Ал (адам) толо бир кемеге качкан эле. Анан чүчүкулак тартышты эле, (ал) жеңилгендерден болуп калды. Анан ал жемеленип турганда, аны балык жутту. (Саффат Сүрөсү, 139-142)

Аз. Йунус пайгамбар катары жөнөтүлгөн коомун таштап кеткен эле. Жогорудагы аяттардан көрүлгөндөй, ал түшкөн кемеде жолоочулар арасында чүчүкулак тартылып, чүчүкулак жыйынтыгында анын деңизге ташталышына чечим чыгарылган. Куранда билдирилгендей, деңизге ташталган Аз. Йунус чоң бир балык тарабынан жутулган.
Балыктын курсагында бушайман болгон Аз. Йунус Аллахка мындайча дуба кылган:

Сенден башка кудай жок, Сен Улуксуң, чынында мен зулумдук кылуучулардан болдум. (Анбия Сүрөсү, 87)

Аллах болсо Аз. Йунустун чын ыкластуу дубасына жооп катары аны кереметтүү жол менен куткарган:

Анан (анын) дубасына жооп бердик жана аны кайгыдан куткардык. Биз ыйман келтиргендерди мына ошентип куткарабыз. (Анбия Сүрөсү, 88)

Аз. Йунусту Аллах андан кийин болсо баш ийүүчү бир коомдун башына алып келген:

Аны жүз миң же (саны) андан да көп (бир коом)го (Пайгамбар кылып) жөнөттүк. Аягында ага ыйман келтиришти, Биз да аларды бир мөөнөткө чейин пайдаланттык. (Саффат Сүрөсү, 147-148)

Мурдакы бөлүмдөрдө Аллах бир дубаны кабыл кылганда, муну белгилүү себептерге байланыштуу кылганын, бирок кааласа себепсиз да суралган нерсени ишке ашырышы мүмкүн экенин жана мунун асмандардын жана жердин Раббиси болгон Аллах үчүн абдан оңой экенин айткан элек. Аллах Аз. Йунустун дубасын кабыл алганда да, ар кандай оор көрүнгөн шарттарды жок кылып, Аз. Йунусту балыктын курсагынан куткарган. Бул адамдын эч качан Аллахтын мээриминен үмүт үзбөшү жана дайыма Ага дуба кылышы керек экендигинин апачык далилдеринин бири. Адам Раббибизге чын жүрөктөн кайрылса эле, сөзсүз жооп алат.

Аз. Исанын дубалары
Куранда Аз. Исадан сөз кылынып жатканда мындай деп айтылат:

«... Анын аты Мерйем уулу Иса Месих. Ал дүйнөдө жана акыретте «тандалган, барктуу, урматтуу» жана (Аллахка) жакын кылынгандардан...» (Али Имран Сүрөсү, 45)

Куранда хаварилеринин Аз. Исадан Аллахка дуба кылышын жана асмандан бир дасторкон түшүрүлүшүн сурашканы кабар берилет. «Дасторкон» маанисине келген Маида Сүрөсүндө баяндалган бул окуя төмөнкүдөй:

Хаварилер: «Эй Мерйем уулу Иса, Раббиң бизге асмандан бир дасторкон түшүрө алабы?» дешкен эле. Ал болсо: «Эгер ишенген (ыйман келтирген) болсоңор, Аллахтан коркуп-тартынгыла деди. (Анда хаварилер:) «Андан жегибиз келип атат, жүрөктөрүбүз канааттансын, сенин да чындап бизге чындыкты айтканыңды билели жана буга күбө бололу» дешкен эле. (Маида Сүрөсү, 112-113)

Хаварилердин мындай каалоолорунун негизинде кереметтүү бир окуя көргүлөрү келгени турган. Аз. Иса мындай кереметти талап кылуунун орунсуз экенин айтса да, хаварилер асмандан дасторкон түшсө, жүрөктөрүнүн андан да жакшыраак канаат табаарын айтышып, өжөрдөнүшкөн. Аз. Иса хаварилердин мындай каалоосу натыйжасында Аллахка дуба кылып жатканда, Курандагы көптөгөн дуба мисалы сыяктуу Аллахты сыпаттары менен эскерди. Куранда Аз. Исанын бул дубасынан мындайча сөз кылынат:

Мерйем уулу Иса: «Аллахым, Раббибиз, бизге асмандан бир дасторкон түшүр, мурдабыз жана кийинибиз үчүн бир майрам жана Сенден бир далил болсун. Бизге ырыскы бер, Сен ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысысың» деген эле. (Маида Сүрөсү, 114)

Аллах Аз. Исанын дубасын кабыл кылды жана мындай буйруду:

Аллах айткан эле: «Шексиз, Мен муну силерге түшүрөм. Анан андан соң силерден ким каапырдык кылса, мен аны чынында ааламдардан эч кимди азаптабагандай бир азап менен азаптаймын.» (Маида Сүрөсү, 115)

Аз. Исанын Маида Сүрөсүндөгү экинчи дубасы болсо хаварилердин корголушу жана кечирилиши жөнүндө эле:

Аллах: «Эй Мерйем уулу Иса, адамдарга Аллахты койуп мени жана апамды эки илах кылып алгыла деп сен айттыңбы?» дегенде: «Сени аруулаймын, акым болбогон бир сөздү айтуу мага жарашпайт. Эгер муну айткан болсом, Сен аны сөзсүз билесиң. Сен мендегини билесиң, бирок мен Сенде болгонду билбейм. Чындыгында, көрүнбөгөндөрдү (кайыптарды) билүүчү бир гана Сенсиң». «Мен аларга мага буйрук кылгандарыңдан башка эч нерсе айткан жокмун. (Ал болсо мындай эле:) «Менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка кулчулук кылгыла.» «Алардын арасында кезимде мен аларга күбөмүн. Менин (дүйнө) жашоом бүткөндө, аларды Өзүң көрүп турдуң. Сен баарына күбө болуучусуң. Эгер аларды азаптасаң, шексиз, алар Сенин кулдарың, эгер аларды кечирсең, шексиз, Улук, Өкүмдар бир гана Сенсиң.» (Маида Сүрөсү, 116-118)


Куранда Аз. Мухаммед (сав)дин дубалары
Куранда «Шексиз, сен абдан улуу бир адеп-ахлактасың» (Калем Сүрөсү, 4) аяты менен таанытылган акыркы пайгамбар Аз. Мухаммед (сав) түндүн бир бөлүгүн дуба, зикир жана ибадат менен өткөрчү. Бир аятта бул жөнүндө мындайча сөз кылынат:

Чынында Раббиң сенин түндүн үчтөн биринин бираз азыраагында, жарымында жана үчтөн биринде турганыңды билет; сени менен бирген болгондордон бир бөлүгүнүн да. Түндү жана күндүздү Аллах аныктайт. Силердин муну санай албашыңарды билди, ошентип тообоңорду кабыл кылды... (Мүземмил Сүрөсү, 20)

Куранда Пайгамбар Мырзабыз Аз. Мухаммеддин момундарга карата канчалык боорукер жана мээримдүү экени айтылат жана алар үчүн кечирүү сурашы буйрук кылынат:

Аллах тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, таш боор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек. Аларды кечир жана алар үчүн (Аллахтан) кечирүүсүн сура. Жана иште(р жөнүндө) алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте, Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт. (Али Имран Сүрөсү, 159)

Куранда дагы көптөгөн аятта куттуу Пайгамбарыбыз (сав)дын дубаларынан сөз кылынат. Дубаларда Аллахты сыпаттары менен бирге эстөөнүн эң сонун мисалдарын Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммеддин дубаларында көрө алабыз. Булардын бири төмөнкүдөй:

Айткын: «Эй мүлктүн ээси Аллахым, каалаганыңа мүлк бересиң жана каалаганыңдан мүлктү кайра аласың, каалаганыңды жогору кылып, каалаганыңды төмөндөтөсүң; жакшылыктар Сенин колуңда. Чындыгында Сен бүт нерсеге кудуреттүүсүң.» (Али Имран Сүрөсү, 26)

Бүт пайгамбарлар сыяктуу Аз. Мухаммед (сав) да өзү жөнөтүлгөн коомдун алдыңкылары тарабынан коркутулуп, бат бат шайтандын терс азгырыктарына туш болгон. Мындай учурларда Пайгамбарыбыз (сав) Аллахка андагы кыйынчылыкты алып салышы үчүн мындайча жалбарган:

Жана айткын: «Раббим шайтандын азгырыктарынан Сага корголоном. Жана алардын Менин жанымда болушунан да Сага корголоном Раббим.» (Мүминун Сүрөсү, 97-98)

Мүминун Сүрөсүнүн акыркы аятында болсо Пайгамбарыбыз (сав)дин бир дубасы мындайча билдирилет:

Жана айткын: «Раббим кечир жана мээримдүүлүк кыл, Сен мээримдүүлөрдүн эң жакшысысың.» (Мүминун Сүрөсү, 118)


Аз. Мусанын дубалары
Исраил урпактарына элчи катары жөнөтүлгөн Аз. Муса Фараондун зулумдугунан кутулуу үчүн али наристе кезинде энесине келген вахийдин негизинде бир дарыяга ташталган. Фараон жана анын үй-бүлөсү Аз. Мусаны дарыядан таап алышып, аны бала кылып алышты (Касас Сүрөсү, 7-8). Аз. Мусага Фараондун сарайында бойго жеткен кезде башка пайгамбарлар сыяктуу Аллахтан «илим жана хикмат» берилген (Касас Сүрөсү, 14).
Куранда Аз. Мусанын Аллахка кайрылып дуба кылышына себеп болгон бир окуя мындайча баяндалат:

(Муса) Калкы билбеген бир кезде шаарга кирди, ал жерде урушуп жаткан эки адамды көрдү; бирөө ал тараптан, экинчиси болсо душмандарынан. Анан (анын) тарабынан болгон душмандарынан болгонго каршы андан жардам сурады. Анан ага бир муштум уруп, ишин бүтүрдү. (Анан:) «Бул шайтандын иштеринен; ал чынында апачык адаштыруучу бир душман» деди. (Касас Сүрөсү, 15)

Аятта баяндалган окуя натыйжасында Аз. Муса Аллахтын кечиришин суранган жана эч качан кылмышкер жана күнөөкөрлөргө жардам бербейм деп Аллахка сөз берген:

«Раббим, чынында мен өзүмө өзүм зулумдук кылдым, эми мени кечир» деди. Анан (Аллах) аны кечирди. Шексиз, Ал кечиримдүү, боорукер. «Раббим, мага берген нематтарың менен эми кылмышкер-күнөөкөрлөргө эч жардам бербейм» деди. (Касас Сүрөсү, 16-17)

Бул окуя угулган соң ал жашаган шаардын алдыңкылары Аз. Мусаны тутуп, өлтүрүүнү пландашкан. Муну билген соң Аз. Муса кайра Аллахка дуба кылган:

Анан ал жерден корккон абалда (айлананы) карап, чыгып кетти: «Раббим, заалымдар коомунан мени куткар» деди. (Касас Сүрөсү, 21)

Аз. Мусанын дубасы кабыл кылынды жана Аллахтын жол көрсөтүшү менен Фараондун шаарынан чыгып, коопсузураак бир жерге баруу үчүн жолго чыкты. Бул учурда дайыма Аллахка кайрылып, дайыма Ага дуба кылган:

Медйенди көздөй жөнөгөндө болсо: «Раббим, мени туура бир жолго салып жеткирээр» деди. Медйен суусуна барганда, суу алып жаткан бир топ адамдарды көрдү. Алардын артында (жаныбарларын сууга алып баруудан тартынган) эки аял көрдү. (Ал) Айтты: «Бул кандай абал?» «Чабандар малдарын сугармайынча, биз сугара албайбыз; атабыз жашы улгайган бир киши.» дешти. Ошол замат алардын малдарын сугарып берди, андан соң көлөкөгө барып айтты: «Раббим, чындыгында мага берчү ар кандай жакшылыгыңа муктажмын.» Көп өтпөстөн ал эки (аял)дын бири (уялган абалда) басып, ага келди. «Атам биздин ордубузга малдарды сугарып бергениң үчүн сени сыйлоого сени чакырып жатат» деди. Анан ага келип, болуп өткөндөрдү айтып бергенде, ал: «Коркпо» деди. «Заалымдар коомунан кутулдуң.» (Касас Сүрөсү, 22-25)

Бул окуялардан соң Аз. Муса Медйенге жайгашкан. 8-10 жыл өткөн соң үй-бүлөсү менен бирге Медйенден чыккан. Жолдо Тува Өрөөнү деп аталган жерге келгенде алгачкы вахийди алмак. Аллах ага Фараонго барышын жана ага динди баяндашын буйрук кылды. Аз. Мусанын Касас Сүрөсүндө Аллахка бул жөнүндө мындай дуба кылганы билдирилет:

«Раббим, чынында алардан бир адамды өлтүрдүм, (алардын) мени өлтүрүшүнөн корком. Жана бир тууганым Харун; тил жагынан ал менден жакшыраак сүйлөйт, аны да мени менен бирге бир жардамчы катары жөнөт, мени тастыктасын. Себеби алардын мени жалганчы дешинен коркуп жатамын» деди. (Касас Сүрөсү, 33-34)

Куранда билдирилгендей, Аз. Муса толкунданып кетишинин динди баяндоо милдетин аткарышына тоскоол болоорунан тартынган эле. Ошол үчүн Аллахка дуба кылган:

«Раббим, менин көкүрөгүмдү ач. Мага ишимди жеңил кыл. Тилимдеги түйүндү чечип кой; айта тургандарымды түшүнгүдөй болушсун. Үй-бүлөмдөн мага бир жардамчы бер, бир тууганым Харунду. Ал себептүү менин кубатымды көбөйт. Аны ишимде шерик кыл, ошентип Сени көп тасбих кылалы. Жана Сени көп зикир кылалы. Шексиз, Сен бизди көрүп турасың» деди. (Таха Сүрөсү, 25-35)

Аз. Мусанын мындай чын ыкластуу дубасына жооп катары Аллах аны жана бир тууганын атайын бир коргоого алганын мындайча билдирген:

(Аллах) Айтты: «Сени бир тууганың менен кубаттандырабыз; силердин экөөңөргө тең ушундай бир күч жана бийлик беребиз, (натыйжада) аяттарыбыз урматында силерге жете албай калышат. Силер жана силерди ээрчигендер жеңүүчү болосуңар.» (Касас Сүрөсү, 35)

Аз. Муса Фараонго көрсөткөн кереметтер Фараондун жанындагы адамдардын ыйман келтиришине себепчи болсо, Фараон жана коомунун көп бөлүгү Аллахка карата бой көтөрүүдө өжөрлүк кылышкан. Натыйжада Аз. Мусанын Аллахка мындайча дуба кылганы билдирилет:

Муса: «Раббибиз, шексиз, Сен Фараонго жана анын алдыңкы чөйрөсүнө дүйнө жашоосунда бир зыйнаттарды (күч, кооздук) жана мал-мүлк бердиң. Раббибиз, Сенин жолуңдан адаштырышы үчүн(бү?) Раббибиз, мал-мүлктөрүн жердин астына чөктүр жана алардын жүрөктөрүнүн үстүн бекем байла; алар оор азапты көргөнгө чейин ыйман келтиришпейт» деди. Аллах Аз. Мусанын дубасына мындай жооп берди: «Экөөңөрдүн дубаңар кабыл болду. Демек туптуура жолдо (жолуңарды) уланткыла жана сабатсыздардын жолуна түшпөгүлө.» (Йунус Сүрөсү, 88-89)

Аз. Мусанын жогорудагы дубасынан соң Фараон жана бүт каапыр чөйрөсү кыйратылган жана Исраил урпактары Египеттен кетишкен. Египеттен чыккандан белгилүү мөөнөттөн кийин Аз. Муса бир тууганы Аз. Харунду ордуна калтырып, кырк күнгө Тур тоосуна чыккан. Ал жерде ага вахий келишин күттү (Аьраф Сүрөсү, 142). Вахий келгенде Аллахка мындайча дуба кылды:

«... Раббим, мага көрсөт, Сени көрөйүн»... (Аьраф Сүрөсү, 143)

Аллах Аз. Мусанын мындай каалоосуна мындайча жооп берди:

... (Аллах:) «Мени эч көрө албайсың, бирок мобул тоону кара; эгер ал ордунда кала алса, сен да Мени көрөсүң.» Раббиси тоого көрүнгөндө, аны талкалап салды. Муса эси ооп, жерге кулады. Өзүнө келгенде: «Сен кандай Улуксуң (Раббим). Сага тообо кылдым жана мен ыйман келтиргендердин биринчисимин» деди. «Эй Муса» деди. «Сага берген пайгамбарлыгым жана сени менен сүйлөшүүм аркылуу сени адамдардын арасынан тандап алдым. Сага бергендеримди ал жана шүгүр кылуучулардан бол.» (Аьраф Сүрөсү, 143-144)

Аз. Муса Тур тоосуна баратканда, коомуна жооптуу кылып бир тууганы Аз. Харунду калтырган эле. Бирок коому Аз. Муса кеткен соң адашышып, Египеттеги путпараст ишенимдерге кайтышты. Өздөрүнө бир музоо айкелин жасашты жана ага сыйынышты. Аз. Муса коомунун музоого сыйынышы натыйжасында араларынан момундарды бөлүп алып, Аллах мурда вахий кылган жолугушуу ордун көздөй жолго чыкты. Бирок жолугушуу ордуна келгенде, буларды да аятта айтылгандай «чыдагыс бир жер титирөө» кармаганда, Аллахтын аны жана жанындагыларды кечиришин суранды:

... Айтты: «Раббим, эгер каалаганыңда, аларды жана мени мурда эле кыйратып салмаксың. (Эми) Арабыздагы мээсиздердин кылгандары үчүн бизди кыйратасыңбы? Ал да Сенин сынооң гана. Аны менен Сен каалаганыңды адаштырып, каалаганыңды туура жолго саласың. Биздин Велибиз (Досубуз) Сенсиң. Бизди кечир, бизге боорукердик кыл, Сен кечиримдүүлөрдүн эң жакшысысың. Бизге бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык жаз, шексиз, биз Сага бурулдук. Айтты: «Азабымды каалаганыма жеткирем, мээримим болсо бүт нерсени курчаган; аны коркуп-тартынгандарга, зекетти бергендерге жана Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге жазамын.» (Аьраф Сүрөсү, 155-156)

Куранда Аз. Муса жөнүндө айтылгандарды караганыбызда, Аз. Мусанын дубаларында эң көп көңүл бурган жагдайлардын биринин анын чын ыкластуулугу жана ачык сөздүүлүгү экенин көрөбүз. Аллахка чын ыкластан дуба кылып, Андан жардам сураган. Аллах Аз. Мусаны акырындап жана окуялар менен тарбиялап, чоң бир күчкө ээ бир пайгамбарга айланткан.
Б.а., мурда да айтылгандай, дубанын эң негизги шарттарынын бири – бул чын ыкластан жана чын жүрөктөн кылынышы. Адамды бул жерде жаңылта турган нерселердин бири – бул Аллахтан уялып, Ага кээ бир күнөө жана кемчиликтерди моюнга албоо аракети. Кээ бир адамдар мындай пикирдин таасиринен Аллахка дуба кылып жатканда, абдан «расмий» бир маанайда болушат жана балким уялуу сезиминен, балким бой көтөрүү сезиминен улам Аллахка бүт нерсесин айтышпайт. Чынында болсо, Аллах биздин бардык кемчилигибизди, кылган, ал тургай, акылыбызга келген ар кандай туура эмес жана анормалдуу кыймыл-аракет жана ойлорду ансыз деле билет.

Демек, ачык сөздүүлүк жана чын ыклас менен Аллахка кайрылып, бүт сырыбызды Ага айтышыбыз керек. Аллахтан болгон чын жүрөктөн бир коркуу Аллах менен кулу арасына «расмийлик» койо турган бир тоскоолдук эмес, кулун Аллахка баш ийүүчү жана чын ыкластуу бир абалда жакындата турган бир стимул.

Комментариев нет:

Отправить комментарий