четверг, 2 января 2014 г.

ЖЫЙЫНТЫК


Куранда баяндалган дуба түшүнүгүнүн адамдын жашоосуна өтүшү абдан маанилүү. Бирок, тилекке каршы, адамдардын көпчүлүгү Курандан кабарсыз болгондуктан же Куранды толук билбегендиктен, балким жашоолорунда бир жолу да чын ыкластан Аллахка кайрылып, Куранда билдирилгендей дуба кылышпайт.
Азыр сиз окуган бул китепте болсо, негизи Куран боюнча «эң чоң (эң маанилүү)» болгон (Анкебут Сүрөсү, 45) Аллахты зикир кылуунун мааниси баяндалды. Бул жерде айтылгандарга көңүл буруу жана Аллахка толук Ал каалагандай дуба кылууга аракеттенүү болсо баарыбыздын милдетибиз.
Бул – улуу бир милдет дагы, биздин түбөлүк жашообузду куткара турган бир себепчи дагы. Себеби Куранда Аллахка дуба кылбагандардын аягынын түбөлүк тозок азабы экени кабар берилет:


(Силердин) Раббиңер: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет. (Момун Сүрөсү, 60)

Комментариев нет:

Отправить комментарий