Адам өмүр бою ага айтылган сөздөр,
көз-караштар себебинен убакыттын өтүшү менен жашоодогу таң калыштуу
кереметтерге да маани бербей калат. Ушул себептен, көп адамдар бул дүйнөдөгү
окуялар өзүнөн-өзү жана кокустуктар абалында ишке ашат деп убакыттын өтүшү
менен өзүн ишендирет. Негизи Аллахтын бар экенине ишенбей койбойт, эч дегенде
муну кесе жокко чыгарбайт. Бирок дүйнө Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчө
кыймылдайт, Ал окуялардын агымына эч кийлигишпейт, же «кереметтер» аркылуу
миңдеген жылда бир жолу кийлигишет деп ойлойт.
Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө албаган
бул адам, албетте, Аллахтын дубаларга жооп берүүчү сыпатын да түшүнө албайт.
Дуба кылса да Аллахтын дубасына жооп берээринен күмөндө болот.
Ал эми момун болсо дуба кылганда,
Аллахтын аны угуп тураарын жана дубасына кандай жол менен болсо да жооп берээрин
билет. Себеби окуялардын өз башынча жана кокустук абалында эмес, Аллах аныктап
койгон тагдырга ылайык ишке ашаарын, Ал каалагандай болоорун билет. Ушул
себептен, дубам жоопсуз калат деген күмөндө болбойт. Мындай чын ыкластуу маанай
менен дуба кылгандын дубасын да Аллах макул көрөт жана кабыл алат. Аллах
Куранда мындайча буюрууда:
Эгер
Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан
жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага
да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп калышаар. (Бакара
Сүрөсү, 186)
Аллах башка аяттарда болсо
«...кыйынчылык жана муктаждыктагы (адам)га Ага дуба кылганда жооп берүүчү...»
(Немл Сүрөсү, 61-62) деп билдирет, бул болсо чын ыкластуу дубалардын Аллах
Кабатында сөзсүз кабыл алынып, жооп берилээрин көрсөтөт.
Ошондуктан, дубаны Аллахтын жардамынан
күмөн санабастан, кабыл болооруна толук ишенүү менен кылуу зарыл. Мындай
кылбаган, б.а. Аллахтын жооп берээринен күмөндө болгон адам болсо башынан эле
Курандын логикасына карама-каршы келген болот.
Ушул себептен, дуба кылган адамда болушу
керек болгон эки өзгөчөлүк – бул Аллахка карата чын ыкластуулук жана ишеним.
Аллах пенделеринин Өзүнө жакын болушун каалайт. Чын ыклас менен суралган жакшы
нерселерге жооп берет. Адамды болгону бир тамчы суудан жараткан, жер жүзүн
жоктон жараткан Аллах үчүн кандайдыр бир адамдын дубасына жооп берүү абдан
оңой. Талап кылынган нерсе – бул ишеним жана сабыр менен суроо.
Дуба жөнүндөгү балким эң чоң коркунуч –
бул дуба кабыл алынбайт деп дуба кылуудан баш тартуу. Бул көп тараптан туура
эмес, ал тургай караңгы бир мамиле. Эң биринчиден айта кетчү бир жагдай бар,
аяттарда айтылган «дубага жооп берүү» бир нерсенин «дал өзүндөй ишке ашышы»
маанисине келбейт. Себеби адам, жогоруда да айтылгандай, кээде өзүнө зыян
болгон бир нерсени Аллахтан сурап жаткан болушу ыктымал. «Адам жакшылыкка дуба
кылгандай, жамандыкка да дуба кылууда. Адам абдан шашма» (Исра Сүрөсү, 11) аяты
муну кабар берет.
Дубада кааланган нерсенин кечиктирилип
берилишинин же такыр башкача жооп берилишинин бир себеби Аллахтын адамдарды
сынап жатканы болушу да мүмкүн. Аллах кулдарынын сабырын сыноо жана аларды
бышып жетилтүү үчүн бере турган нематтарын белгилүү бир хикмат боюнча белгилүү
бир мөөнөттөн соң бериши ыктымал.
Ушул сыяктуу себептерден улам дубада
суралган бүт нерсенин бат эле ишке ашышын күтө албайбыз. Улуу Ислам аалымы
Бедиүззаман айткандай, Аллах дубада суралган нерсенин азыраагын бериши да
мүмкүн, балким сыйлык катары көбүрөөгүн да бериши ыктымал, же жогоруда саналган
себептерден улам эч бербеши да мүмкүн. Бирок кандай болгондо да, Аллах Ага дуба
кылгандын дубасына жооп берген болот.
Комментариев нет:
Отправить комментарий