Аллах Куранда сүрөттөгөн дубада адам
Аллахтын аны көрүп, угуп турганын түшүнгөн, Ага урмат жана коркуу менен моюн
сунган жана Анын алдында кулчулугун апачык кабыл алган болот.
Курандан дубанын белгилүү бир убактысы
жок экенин көрүүгө болот. Адамды дуба кылууга багыттаган ар кандай каалоо бул
ибадаттын убактысынын келгенин көрсөтөт. Адамдын каалоо жана муктаждыктары
тынымсыз болгондуктан, дубасы да тынымсыз болушу керек. Б.а. дубанын белгилүү
бир убакыт, сааты жок.
Бирок Куранда дубада концентрацияга
жетүү оңой болгон, күнүмдүк иштерден тышкаркы сааттарга, б.а. түнгө жана эрте
мененки намаз убактысына көңүл бурулууда. Бир аятта момундар «...таң
убактыларында кечирүү сурагандар» (Али Имран Сүрөсү, 17) деп сүрөттөлөт жана
ушул аркылуу эрте мененки убакыттын маанилүүлүгүнө басым жасалган. Башка
аяттарда болсо түндүн кыймылга толо болгон күндүзгө караганда ойлонуу, окуу
жана дубага ыңгайлуу экени мындайча кабар берилген:
Чынында
түнкү кубаныч (түнкү ибадат адамдын ички дүйнөсүн ойготуучу) таасир жагынан
күчтүүрөөк, окуу жагынан жакшыраак. Себеби күндүз сен үчүн көп алектенүүлөр
(иштер) бар. Раббиңдин ысымын зикир кыл жана баарынан өзүңдү тартып, бир гана
Ага кайрыл. (Мүземмил Сүрөсү, 6-8)
Дуба үчүн белгилүү бир убакыт коюлбаганы
менен, Курандын таңга жана түнгө көңүл бурушунун чоң сырлары бар. Аллах менен
жакын бир байланыш куруп, чын ыкластуу бир дуба менен күнүн баштаган момундун
күн ичинде Аллахтын ыраазылыгын унутуу же чектерден чыгуу ыктымалы азайат.
Күнүн дуба менен баштаган адам күнүн Аллахтын аны көрүп турганын билүү менен
өткөрөт.
Куранда кеңеш кылынган түнкү дуба болсо
күн бою дүнүйөлүк иштер менен убактысын өткөргөн адамдын өзүнө-өзү абийир
эсептешүүсүн жасашына себепчи болот. Адамдын күндүз башына келген жана сыртынан
терс сыяктуу көрүнгөн окуяларга хикматтуу, тобокелдүү жана акылга салып баа
беришин камсыздайт.
Адамдын түнкү сааттарда дуба үчүн убакыт
бөлүшү күндүз кетирилген каталарды эстешине жана бул каталары үчүн тообо
кылышына, Аллахтын кечиришин суранышына жана күнүмдүк иштер адамдын рухунда
себеп болгон тескери маанайлардын жеңишине бир себепчи.
Дуба үчүн белгилүү бир жер да жок. Адам
базарда, көчөдө, унаанын ичинде, мектепте, жумуш ордунда, кыскача айтканда, бүт
жерде дуба кыла алат. Ар кандай жерлерде болуунун кандайдыр бир мааниси жок. Эң
негизгиси – бул адамдын кайсы жерде гана болбосун, Аллахтын ага күрөө тамырынан
да жакын экенин унутпашы. Куранда пайгамбарлардын дайыма жана бүт жерде дуба
кылганы кабар берилет. Бир аятта мындайча буюрулууда:
(Муса)
Ошол замат алардын малдарын сугарды, анан кайра көлөкөгө барып: «Раббим,
чынында мага берчү бүт жакшылыгыңа муктажмын» деди. (Касас Сүрөсү, 24)
Комментариев нет:
Отправить комментарий