Аллахтан башкаларды кудай тутунгандар,
б.а. мушриктер да кээ-кээде Аллахка дуба кылышат. Бирок мушриктердин дубасы
момундардын дубасынан такыр башкача. Мушриктер кыйын абалда калганда гана
Аллахка муктаж экенин эстешет жана мындай абалдан кутулуу үчүн гана дуба
кылышат.
Чынында болсо адам дайыма, жашоосунун ар
бир көз ирмеминде Аллахка муктаж. Мушрик менен момундун дубаларындагы айырма
мына ушунда. Момундар дайыма жана ар кайсы абалда Аллахка кайрылышат. Момун
дуба кылуу үчүн ага бир кыйынчылык келишин күтпөйт. Аллахка дайыма жакындоо
муктаждыгын сезгендиктен, дуба кылат.
Мушрик мүнөзүнүн эң негизги өзгөчөлүгү
болсо – бул анын Аллахка карата абдан нашүгүр (шүгүрсүз) жана эки жүздүү болушу.
Кыйынчылыкка кабылганда, бүт нерсени коюп Аллахка дуба кылат. Кыйынчылыктан
кутулганда болсо, дуба кылбагандай болуп Аллахты унутуп калат. Себеби
окуялардын көпчүлүгү Аллахтан көз-карандысыз башка жандыктардын башкаруусунда
болуп жатат деп ойлойт. Дүйнөдөгү бүт нерсенин түпкүрүндө Аллахтын эрки менен
болуп жатканын билбейт. Мындай үстүртөн болгон көз-карашы себебинен өзүнчө бел
байлаган бардык үмүттөрүнүн ансыз деле Аллахтын башкаруусунда экенин билбейт.
Мисалы, бир ооруга чалдыкканда, «мени
докторлор, дары-дармек же оорукананын жогорку технологиясы айыктырат» деп
ойлойт. Бүт ооруга Аллахтын шыпаа берээрин, керектүү дарыны, докторду да Аллах
жаратканын ойлоно албайт. Абдан ишенген докторлору, дарылар жетишсиз болуп
калганда гана, ага чейин абдан аз ойлогон, ал тургай эч ойлобогон Аллахтан
жардам суроо жолун тандайт. Чынында болсо, бир гана Аллах шыпаа берет. Караңгы
коом адамдары болсо муну түшүнө алышпайт жана шүгүрсүздүк кылышат. Мындай
шүгүрсүздүктөрү бир аятта мындайча сүрөттөлөт:
Адамга
бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба
кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч
(жардамга) чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Чектен чыккандарга кылган
иштери мына ушундай кооздолгон. (Йунус Сүрөсү, 12)
Адамдын кыйын учурда Аллахты эстеши
негизи жалгыз жардам сурай турган Заттын Аллах экенин билет деген мааниге
келбейт. Мурда напсисинин каалоолоруна карама-каршы келген үчүн байкамаксан
болгон бул чындыкты, чоң бир кыйынчылыкка кабылаар замат эстейт. Бирок бул
кыйынчылыктан кутулаары менен кайра шүгүрсүздүк кылат. Мунун апачык бир мисалы
Куранда мындайча сүрөттөлөт:
Кургактыкта
жана деңизде силерди Ал саякат кылдырат. Кайсы бир убакта силер кемеде
баратканыңарда, кемелер жагымдуу жел менен аларды сүздүрүп баратканда жана муну
менен сүйүнүп жатышканда, (капыстан) ага добул шамал келип согот жана ар
тараптан толкундар аларды курчап калат; эми алар бул (толкундар менен) чындап
курчалып калдык деп ойлошкондо, динде Ага «чын көңүлдөн моюн сунгандар
(ыкластуу)» болушуп Аллахка дуба кылып башташат: «Ант болсун, эгер мындан бизди
куткарчу болсоң, сөзсүз Сага шүгүр кылгандардан болобуз.» Бирок (Аллах) аларды
куткарганда болсо, бир заматта акыйкатсыздык менен жер жүзүндө чектен чыгып
башташат. Эй адамдар, силердин чектен чыгууңар өзүңөргө гана зыян; (бул) дүйнө
жашоосунун убактылуу алдамчы кооздугу. Кийин Бизге кайтасыңар, Биз болсо
кылгандарыңарды силерге кабар беребиз. (Йунус Сүрөсү, 22-23)
Бороондо деңиздин ортосунда калган бир
кемеден кутулуу абдан кыйын. Адам өлүмгө абдан жакын келген болот жана ушул
кезге чейин таянган себептердин эч бири ага жардамга келе албай турган абал
болот. Ага ушундай бир кудурет ээси керек, деңизди да, бороонду да, кемени да,
караңгылыкты да башкарсын... Мындай улуу күчтүн ээси – бир гана Аллах.
Бул адамдын Аллахтан башка жардам күтө
турган бүт жардам эшиктери жабылды дегенди билдирет. Б.а. толугу менен чарасыз
абалда калган болот. Ушундай учурда калган адам бир заматта Аллахтын бар
экенине ишенүү менен, ага бир гана Анын жардам бере алаарынан эч шектенбестен
дуба кылып баштайт. Дуба кылып жатканда, бүт нерседен өзүн алып, бир гана
Аллахка жалбарат. Аны мындай абалдан бир гана Аллахтын куткара алаарын түшүнгөн
болот. Жана мунун да бир гана Аллахтын каалоосунда экенин билет.
Бул чындыкты ошол учурда абдан жакшы
түшүнүп, акылы жетет. Мурдалары Аллахка шерик кошкон бүт нерсеси жок болуп
кеткен болот. Аларды ойлонбойт дагы. Алардын ага жардам берүү ыктымалы оюна да
келбейт. Себеби андайдын мүмкүн эмес экенин абдан жакшы билет. Мурда ушундай
бир абалга кабылаарын балким эч ойлонгон эместир. Өлүм менден абдан алыс деп
ойлогондуктан, өлүмдөн кийинкиси үчүн абдан кайдыгер жана бейпил болгондуктан,
дүнүйөдөгү колдоочуларына ишенип келген болот. Бирок эч ойлобогон жерден мындай
бир окуяга кабылганда, ал колдоочуларынын бар экени аны эч кызыктырбайт.
Аллахка дуба кылууда эч күмөнгө түшпөйт. Бул адам Аллахка баш ийүү, Андан
жардам суроодо мурда кыйналган бирөө болсо да, ал учурда чын ыкластан дуба
кылат. Аллахка дуба кыл деп ага эч ким айтпайт, эстетпейт. Мунун кереги жок.
Бир гана Аллахтан жардам келээрин өзү түшүнгөн болот, себеби.
Ошол кезге чейин эч ойлобогон өзүнүн
аягы, кокустан ага жакындап, дээрлик өлүм менен бетме-бет келген болот. Өлүмдүн
бар экенин алгачкы жолу ушунчалык жакшы түшүнгөн болот. Өмүр бою эч ойлобогон
өлүмдү жана мындан кийинкисин бир канча мүнөт ичинде абдан терең ойлонот жана
ага чейин эч сезбеген бир коркууну сезет. Дүйнө жашоосунда эч оюна келбеген
акырет чындыгы кокустан көз алдына тартыла түшөт.
Өлүмгө мынчалык жакындаганда, бейишке
ылайыктуу иштерди кылбаганын түшүнөт жана эң чоң коркунучу мына ушундан болот.
Дүйнөдө кылгандарын анализдейт. Мунун натыйжасында бой көтөрө да албайт, дин
жөнүндөгү жаман мамилесин да кыла албай калат. Мурда Аллахка жакын болуудан баш
тартпагандай, дуба кылууда бой көтөрбөгөндөй жана бүт нерсени өз күчүм менен
кылдым дебегендей болуп калат. Чынында болсо негизи өзүнүн шүгүрсүздүгүн билет.
Өз эрки менен Аллахка жакындап дуба кылат. Бул эмне кылышы керек экенин абдан
жакшы билээринин эң чоң алааматы.
Ага мурда үйрөтүлбөсө да, кыйынчылыкка
кабылган көп адамдар биз сүрөттөгөндөй жакындык менен жана чын жүрөктөн Аллахка
дуба кылышууда. Ал тургай, бул адамдардын кээ бирлери мурда бейпил жашап
жатканда, Аллахтын бар экенин жокко чыгаруудан да тартынбаган адамдар. Аллахты
жокко чыгарып, каапырдыгы менен таанылган адамдардын көпчүлүгү мындай учурда
«Андан башка баш калкалай турган жок болгон» Аллахка корголонушат.
Бирок, Куранда билдирилгендей, кемеде
чын жүрөктөн, Андан башка эч бир күч ээсинин жок экенин түшүнгөн абалда Аллахка
кайрылган каапыр адам коркунучтан кутулган соң ал кездеги коркуу жана чын
ыкластуулугун бир заматта жоготот. Таң калыштуу абалда мурдакы мушрик абалына
кайра кайтат. Бушаймандык жана Аллахка кайрылуусу жоголуп, кокустан анын ордуна
каапырдык жана шүгүрсүздүк келет. Ыймансыздыгына кайра кайтат. Коркунуч
учурунда ойлонуп, түшүнгөн чындыктарды да унутуп калат. Бейпилдик келип,
коркунучтан алыстоонун натыйжасында өзүн коопсуз сезип, Аллахка дуба кылууну
унутат.
Караңгы адамдардын мындай туура эмес
психологиялык абалы жана шүгүрсүздүгү башка аяттарда мындайча баяндалат:
Адам жакшылык суроодон тажабайт; бирок ага бир жамандык
келээр замат, ал үмүтсүз болуп калат. Ал эми ага келген зыяндан кийин
тарабыбыздан бир мээрим таттырсак, сөзсүз: «Бул менин (акым). Жана мен
кыямат-саатын да келбейт деп ойлойм; эгер Раббиме кайтарылсам да, сөзсүз Анын
Кабатында мен үчүн (бул жакшылыктардын) жакшыраагы бар» дейт. Бирок, ант
болсун, Биз ал каапырларга кылгандарын кабар беребиз жана ант болсун аларга эң
оор азаптан таттырабыз. Адамга немат бергенибизде, жүз буруп, бурулуп кетет;
ага бир жамандык келгенде болсо, ал (көп жана терең терең) дуба кылуучуга
(айланат). (Фуссилет Сүрөсү, 49-51)
Бул аяттардын баарында кыйынчылык
учурунда Аллахка кайрылып, бирок бейпилдикке жеткенде болсо шүгүрсүзгө айланган
адамдар жөнүндө сөз кылынууда. Бул, башында айтылгандай, мушриктердин мамилеси;
себеби момундардын өзгөчөлүгү – бул ар кандай шартта, дайыма Аллахка
кайрылышында. Бир гана кыйынчылыкта эмес, бейпилдик, бакыт ичинде жашап атканда
да Ага дуба кылып, Аны мактоо менен аруулашат. Жардам сурала турган Заттын бир
гана Аллах экенин абдан жакшы билишет.
Бирок бул жерде бир жагдайга көңүл буруу
керек: кемеде Аллахка дуба кылып, кийин бейпилдикке жеткен соң Аны унутуп
калган шүгүрсүз мүнөз – ар бир адамдын напсисинде бар болгон жана ошондуктан
бүт адамга таасир бериши мүмкүн болгон бир нерсе. Курандагы бул кыссанын бир
хикматы, албетте мушриктерди сындоо, бирок бүт окугандар бул жерде айтылгандан
сабак алышы жана мындай мамиледе болуудан сактанышы керек. Б.а. бүт адамдар бул
мисал жөнүндө ойлонуп, өзүнүн абалын анализдеп, чын ыкластан өз напсисин
суракка алышы зарыл.
Мисалы, сиз өз абалыңызды ойлонуп
жатасызбы?...
Сиздин дубаларыңыз да, кеме менен
бороонго кабылгандар сыяктуу, кыйынчылык учурларында гана күчтөнөбү? Аллахка
бир кырсыкка, бир кыйынчылыкка кабылганда гана кайрыласызбы? Дубаларыңыз
кыйынчылык учурунда гана чын ыкластан жана чын жүрөктөн болобу? Бейпил жана
бактылуу кездериңизде болсо Аллахты аз эстеп, Ага көп дуба кылбай каласызбы?...
Эгер ушундай болсо, анда бул жөнүндө
ойлонушуңуз керек. Курандагы кыссадан сабак алышыңыз, кемеде дуба кылып, анан
шүгүрсүздүк кылган мушриктерге окшобош үчүн аракеттенишиңиз, Аллахка тообо
кылышыңыз, Анын кечиришин сурашыңыз зарыл. Себеби ыймандуу адамдын милдети –
бул Куранда айтылган каапыр жана мушрик мүнөздөрүнөн мүмкүн болушунча качынуу
жана момун өзгөчөлүктөрүнө толук ээ болуу үчүн аракет кылуу. Бир момундун эң
маанилүү мүнөздөрүнүн бири болсо – кыйынчылыкта да, бейпилдикте да, жокчулукта
да, молчулукта да, ар кандай шартта Аллахка кул экенин унутпашы, дайыма Ага
кайрылышы, дайыма Ага дуба кылуучу жана шүгүр кылуучу болуу.
Кыйынчылык учурларында гана Аллахка дуба
кылуу чын ыкластуу бир мамиле эмес экенин унутпаш керек. Куранда Аллахка жана
элчисине баш көтөргөн, эң адашкан дин душмандарынын да кыйынчылык учурунда
Аллахка кайрылып, дуба кылаары билдирилген. Бул багыттагы эң ачык мисалдардын
бири – бул Фараон. Байыркы Египетте өзүн кудай деп таанытып, бой көтөргөн Фараон
Аз. Муса жана анын коомуна көп азаптарды берген жана ага келген бардык
кереметтерге жана динге чакырууга карабастан Аллахтан баш тарткан. Болгондо да
мындай каапырчылыгы жана текебердиги өлүмгө жолукканга чейин уланган эле. Бирок
өлүмдүн ага абдан жакын экенин жана кутулуу мүмкүнчүлүгүнүн калбай калганын
түшүнгөндө, чарасыздык ичинде дуба кылып баштаган жана өзүнүн да бир Мусулман
(Аллахка баш ийген) экенин айткан. Куранда бул мындайча баяндалат:
Биз Исраил урпактарын деңизден өткөрдүк;
Фараон жана аскерлери көөп, душмандык менен (алардын) артынан кубалады. Суулар
аны чөктүрө турган деңгээлге жеткенде, (Фараон): «Исраил урпактары ишенген
(ыйман келтирген) Кудайдан башка кудай жок экенине ишендим жана мен да
Мусулмандарданмын» деди. Эмиби? Мурдалары болсо сен баш көтөргөн элең жана
бузукулук чыгаргандардан элең. Бүгүн болсо сенден кийинкилерге бир аят (тарыхый
бир далил, насаат) болушуң үчүн сени бир гана денең менен куткарабыз (бүт
адамдарга өлгөн денеңди көрсөтөбүз). Чынында адамдардын көпчүлүгү Биздин аяттарыбыздан
кабарсыз. (Йунус Сүрөсү, 90-92)
Куранда көп жолу баяндалган мындай туура
эмес дуба түшүнүгүнөн, жогоруда да айтылгандай, момун да өзүнө сабак чыгарышы
керек. Куран аны окуган момундарга кайрылат жана Аллах бул аяттарда момундарга
да эскертүүлөрдү берүүдө жана дубанын дайыма кылынышын каалаганын билдирүүдө.
Караңгы адамдар менен ыймандуу адамдардын дуба түшүнүгүндөгү айырма мына
ушунда. Момундар аларды жараткан, сансыз немат берген Раббибизге карата абдан
моюн сунуучу абалда болушат. Алар үчүн чыныгы дос жана жардамчынын бир гана
Аллах экенин билишет. Жана ушул себептен ар кандай чөйрөдө Аллахтан жардам
сурайт жана Ага дуба кылышат. Караңгы адамдар болсо кыйынчылыкка кабылганда
гана Аллахтан жардам суроону эстешет жана башка убактарда өздөрүнө башка
досторду тутунушуп, алардан үмүт кылышат. Албетте, мындай караңгылыктарынын
азаптуу жообун бул дүйнөдө да, акыретте да көрүшөт.
Casinos Near Me - Jackson, MS - JT Hub
ОтветитьУдалитьAt Jackson Casino in 보령 출장안마 Jackson, MS, the closest casino to me, is Blackjack. 밀양 출장마사지 This casino has 24 table games, live table 영주 출장샵 games, a live poker 거제 출장마사지 room, 청주 출장마사지